Кытайдын ири компаниясы Казакстандын автоунаа өндүрүшүнө кирүүдө

Кытайдын ири компаниясы Казакстандын автоунаа өндүрүшүнө кирүүдө

Казакстандын өндүрүшүнө инвестиция салууга кызыктар ири компаниялардын катары калыңдоодо. Кытайдын ири мамлекеттик компаниясы Казакстандын автоунаа өндүрүшүнө кирүүдө. Астанада тиешелүү инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул ата мекендик машина куруу тармагы үчүн стратегиялык долбоор катары саналат, дешет серепчилер. Долбоор «Жибек жолунун экономикалык куру» программасынын маанилүү бөлүгү жана индустриялаштыруу жана инвестициялардагы Казакстан-Кытай кызматташтыгынын тизмесине кирди. Биргелешкен ишканага салына турган  инвестиция болжол менен 1,1 миллиард доллар болот.

ЛУ ЙИМИН, КЫТАЙЛЫК КОМПАНИЯНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫ ТӨРАГАСЫ:

- Биз бүгүн тарыхый маанилүү документке кол койдук. Анткени, ал эки өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө чоң салым кошот. Эми биргелешкен ишканага жаңы технологияларды киргизип, жумушун жандандырууну мерчемдеп жатабыз. Келечекте эки тараптын өнөктөштүгү мындан ары өнүгө берерине үмүттөнөм.