Казакстандын инвестициялык тартымдуулугу

Казакстандын инвестициялык тартымдуулугу

Казакстан инвестициялык абалын жакшыртууда. Макроэкономикалык туруктуулук, жеңилдиктер, өнүккөн инфраструктура жана унаа системасы чет өлкөлүк бизнестин кызыгуусун жаратып жатат. Европа экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму менен өнөктөштүктүн орношу өлкөдөгү инвестициялык жараяндардын күчөшүнө жол ачат. Гарвард университетинин Борбор Азия тарыхы, заманбап тышкы жана ички саясий жараяндарды изилдөө программасынын жетекчиси Наргис Касенова ушундай пикирде.

НАРГИС КАСЕНОВА, САЯСИЙ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Казакстан чоң мамлекет, экономикасы өнүгүп жатат. Биздин өлкөнүн геостратегиялык абалы инвесторлорду кызыктырууда. Биз Кытай менен Европа жана Азия өлкөлөрүн байланыштырабыз. Менин оюмча, Европа экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму менен өнөктөштүк орнотуубуз абдан маанилүү. Ал бизге алдыга жылууга жардам берет деп ойлойм.

Аймактар да өздөрүнүн инвестициялык тартымдуулугун жогорулатууда. Актөбе аймагы алардын катарында. Келечектүү инвесторлордун айтымында, аймак пайдалуу кендерге бай. Аны менен кошо, өнөр жай өнүккөн, логистика үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар.

ПАСКУАЛЕ Д’АВИНО, КАЗАКСТАНДАГЫ ИТАЛИЯ ЭЛЧИСИ:

- Эки жактуу өнөктөштүгүбүз жемиштүү болот деп ишенебиз. Биз алдыңкы технологияларды тартууга даярбыз. Ошондой эле, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу учурунда жергиликтүү үлүштүн сакталуусуна маани беребиз.

Чет өлкөлүк ишкерлер өлкөнүн түштүгүнүн да мүмкүнчүлүктөрү жогору дешет. Алар Чымкенттеги бир нече ири долбоорго инвестиция салууга кызыктар экенин айтышты. Токума фабрикасы, акимчилик имараттар жана Чымкент–сити аймагындагы сейил бактын курулушу алардын катарында.

ГАБИДУЛЛА АБДИРАХЫМОВ, ЧЫМКЕНТТИН АКИМИ:

- Жыл башынан бери шаардын негизги  капиталына 524 миллиард теңге инвестиция түштү. Бул өткөн жыл менен салыштырганда 3 эсеге көп. Азыр биз инвестиция тартуу боюнча биринчи орунда экенибизди белгилеп кетким келет.

Экономиканы диверсификациялап, негизги тармактарды өнүктүрүү боюнча масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн стратегиялык өнөктөштөр керек, дешет серепчилер. Демек, өз иштеринде заманбап технологияларды колдонгон чет өлкөлүк инвесторлорду тартууга басым берилет. Ал үчүн өлкө нормативдик–укуктук чөйрөнү жакшыртып, инфраструктура менен колдоо аракеттерин өнүктүрүүдө. Бул багытта көрүнүктүү ийгиликтер бар экенин белгилеп өтүү керек. Казакстандын Дүйнөлүк банктын Doing Business рейтингинде 28-орунга ээ болуусу ушуга далил.