Казакстан-Норвегия: Кызматташтыктын өнүгүшү

Казакстан-Норвегия: Кызматташтыктын өнүгүшү

Казакстан менен Норвегиянын эки жактуу кызматташтыгынын бир жылдык жыйынтыгы жарыяланды. Сегиз айдын ичинде өз ара товар жүгүртүү көлөмү 33 миллион доллардан ашкан. Бүгүнкү күндө Казакстанда 35тен ашуун биргелешкен ишкана иштейт. Тараптар белгилеп өткөндөй, өз ара кызматташтык өтө жемиштүү болду. Соода жана инвестиция тармактарындагы өнөктөштүк, ошондой эле маданий–гуманитардык байланыштар көрүнүктүү жогорулаган.

ИЛЬЯС ОМАРОВ, КРнын  НОРВЕГИЯДАГЫ УБАКТЫЛУУ ИШЕНИМДҮҮ ӨКҮЛҮ:

- Казакстан менен Норвегиянын саясий, экономикалык, соода жана инвестиция тармагындагы байланыштары ийгиликтүү өнүгүп, бекемделип келе жатат. Быйыл жергиликтүү жашоочулар казак маданияты менен тарыхына дыкат көңүл бөлө баштады десек болот. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, кийинки жылы казак жергесине барып, өлкөбүздүн төл тарыхы менен таанышып, кооз жерлерин кыдырып кайтууга кызыктар болуп жаткан норвегиялыктар көп.

Норвегия эли Казакстандын Улуу Жибек жолун жаңыртууга тиешелүү демилгелерине кызыгуу билдирип жатышат. Дүйнө өлкөлөрүн ар түрдүү тармакта байланыштырган бул долбоордун келечеги кең.

КРИСТИАН КЛЕММЕТСЕН, ЛОГИСТИКАЛЫК КОМПАНИЯНЫН КОММЕРЦИЯЛЫК МҮДҮРҮ:

- Биздин темир жол аркылуу жеткизилген контейнерлерибиз Европадан Борбор Азияга товар ташыйт. Казакстан аймагы менен жүк ташууга кызыктарбыз. Анткени деңиз жана аба ташууларына караганда арзанга түшөт.

Мындан башка, саясат таануучулар Казакстандын ядролук куралга каршы демилгесин жогору баалашат. Ошол себептүү, норвегиялыктар өлкө башчысы сунуштаган «Атом» долбооруна колдоо көрсөтүп, ядролук куралды таратпоо боюнча петицияга кол коюшкан. Аны менен бирге, норвегиялыктардын дин аралык келишим тууралуу ойлору да казакстандыктар менен бир жерден чыгат.

ИНГРИД РОЗЕНДОРФ, ДИНИЙ УЮМДАР МЕНЕН ӨНӨКТӨШТҮК БОЮНЧА КЕҢЕШТИН БАШЧЫСЫ:

- Мен дүйнөлүк дин башчыларынын Астанадагы съездине катышкам. Белгилей кетүүчү жагдай, Өкмөт менен Өлкө башчы дин аралык келишимди болушунча жайылтып келет. Биздин өлкө да ушул маселеге өзгөчө маани берет. Казакстан – көп улуттуу мамлекет. Бир өлкөдө бир нече диндин болуусу жарандык коомдун алдыга жылуусуна өз таасирин тийгизет. Ааламдык деңгээлде да Казакстан дин аралык өнөктөштүктү бекемдөөгө үгүттөйт. Бул абдан шыктандырат деп айта алам.

Иш-чара кезинде эл аралык «Мода менен сахна» фестивалынын дизайнерлери казактын улуттук кийим үлгүлөрүн көпчүлүктүн назарына сунуштады. Кызыктуу жагдай, казак оймо-чиймелери менен викингдердин улуттук кийиминдеги жасалгалоосунда окшоштуктар бар. Норвегиялыктар ушул нерсеге таң калышты. Жолугушууда сунушталган сүрөттөрдө көрсөтүлгөн Улуу талаа гүлүнүн сулуулугу менен кооздугу аларды кызыктырды. Көптөгөн норвегиялыктар кийинки жылы Казакстанга келүүнү мерчемдешүүдө.