Казакстан-Сингапур: Өз ара өнөктөштүк

Казакстан-Сингапур: Өз ара өнөктөштүк

Казакстан менен Сингапур кызматташтыкты өнүктүрүүдө. Ушул жылдын 9 айынын аралыгындагы эки жактуу товар жүгүртүү 400 миллион доллардан ашты. Бул өткөн жыл менен салыштырганда 5 жарым эсеге көп. Казакстандын Сингапурга жөнөтүлгөн товар көлөмү да 8 эсеге өсүп жатат. Билим, маданият сыяктуу башка тармактардагы кызматташтык да өнүгүүдө. Тараптар эл аралык саясат маселелери боюнча да байланышты бекемдөөгө көңүл бөлүшкөн.

ҮСЕН СҮЛЕЙМЕН, ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ МЕНЕН СИНГАПУРДАГЫ КАЗАКСТАН ЭЛЧИСИ:

- Казакстан менен Сингапур бири-биринин эл аралык  аренадагы демилгелерин колдошот. Мисалы, быйыл Сингапур Казакстандын «Терроризмден эркин, тынч өлкөгө жетүү» кодексин колдоду. Буга чейин Казакстан Азия-Европа форумуна, Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү кезинде Сингапурдун колдоосуна ээ болгон. Ошондой эле Сингапур Казакстандын 2020-жылы Астанада 12-министрлик конференциясын өткөрүүгө берген өтүнмөсүн да болушунча колдоду.

Элчинин айтымында, Казакстан менен Сингапурдун ортосундагы эки жактуу байланыш дагы толук кандуу өнүгө элек. Эки өлкөнүн өнөктөштүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү арбын. Ушул жылдын жетинин айында Казакстан премьер-министринин Сингапурга болгон жумуш сапарынын алкагында маанилүү келишимдерге кол коюлган. Сапардын жыйынтыгы боюнча өнөктөштүктүн жол картасы даярдалууда. Ал эки өлкөнүн байланышын жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.