Пусандан Хоргоско алып бара турган түз багыт

Пусандан Хоргоско алып бара турган түз багыт

Жаңы транзиттик мүмкүнчүлүктөр. Түштүк кореялык Пусан деңиз порту аркылуу Хоргостон Европага контейнердик поезд жөнөтүлөт. «Хоргос – Чыгыш дарбазасы» атайын экономикалык аймак жана Пусан деңиз портунун жетекчилери менен тиешелүү келишим түзүлдү. Тараптар быйылкы жылдын чын куран айында өнөктөштүк тууралуу меморандумга кол коюшкан. Бул документтин алкагында Пусан порту менен Ляньюнгандын ортосундагы түз байланыш түзүү маселеси талкууланууда. Тартылган инвестиция көлөмү  500 миллиард теңгеден ашты. Азыркы тапта Түштүк Кореядан кытайлык Ляньюнгань порту менен казакстандык Хоргос аркылуу Европага алып бара турган жол эң кыска болуп жатат. Пусан Түштүк Кореядагы ири деңиз порту болуп саналат. Жүк жүгүртүүсү боюнча дүйнөдө бешинчи орунду ээлейт.

МУРАТ БАЙМУХАНБЕТОВ, «ХОРГОС – ЧЫГЫШ ДАРБАЗАСЫ» АЭА БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Ляньюньган-Хоргос-Баку аркылуу Европага жете турган трансконтиненттик багыт жумуш алып барууда. Аны менен жүк ташылып жатат. Быйыл өткөн жыл менен салыштырганда Казакстан аркылуу өтө турган жүк ташуусу 11 эсеге өстү. Бул көрсөткүч дагы да жогорулайт. Биз да Пусандан Ляньюньгань аркылуу, Хоргос менен Европага жүргөн сынак поездин уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.