Казакстан Жибек жолу форумунда

Казакстан Жибек жолу форумунда

Жаңы Жибек жолунун келечеги кең. Эскерте кетсек, мындан беш жыл мурун Астанада жалпы журтка жарыя болгон Кытайдын «Бир кур – бир жол» демилгеси азыр Евразия континентинин көп өлкөлөрүн бириктирди. Парижде Жибек жолун жаңыртуу тууралуу маселе талкууланды. Нобель сыйлыгынын лауреаты Джеффри Сакс баштаган дүйнөнүн алдыңкы серепчилери Жаңы Жибек жолунун экономиканы өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Негизги артыкчылык – инвестиция. Долбоорго катышуучулар өз ара карым-катнашты бекемдегенден сырткары, биргеликте өнүктүрүүнүн жаңы даңгыр жолуна умтулууда. Ошентсе да, өлкөгө каржы тартуу жеткиликсиз. Эң башкысы андан мамлекетке келе турган пайданы ойлоо керек. Адистер бүгүнкү күндө мамлекет аралык карым-катнаштын маанилүү экенин баса белгилешет.

БАЛАШ ХОРВАТ, БУУ ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН СТРАТЕГИЯЛЫК КЕҢЕШЧИСИ:

- Карым-катнаш түзүү жалаң эле  эки жактуу изилдөөлөрдөн турбайт. Бул толук кандуу ачык аянт болуусу керек. Ошол аркылуу талдамалык борборлордун ортосундагы байланыш бекемдеп, өз ара окуу, тажрыйба жана пикир алмашуу болот.

Париждеги жыйынга Казакстандын атынан дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун кызматкерлери катышып, «Бир кур – бир жол» алкагындагы изилдөөлөрүн сунуштады.

ЕРЖАН САЛТЫБАЕВ, ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКА САЯСАТ ИНСТИТУТУНУН МҮДҮРҮ:

- Жалпы изилдөө натыйжасы Борбор Азиядагы бардык өлкөлөрдүн бул долбоорго киргенин көрсөттү. Алардын бардыгында кытай инвестициясы бар. Бул мамлекеттерде кытай капиталынын аралашуусу менен ар түрдүү долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Долбоор ишке ашырылгандан бери, казакстандык өнөр жай менен айыл чарбасына 64 миллиард инвестиция тартуу тууралуу келишимдер түзүлдү. Кытайдын каржысы Казакстандын экономикасын гана эмес, аймактын да өнүгүшүнө мүмкүнчүлүктөрдү ачышы керек.