Казакстан менен Германиянын ортосундагы экономикалык кызматташтык

Казакстан менен Германиянын ортосундагы экономикалык кызматташтык

Казакстан менен Германиянын экономикалык кызматташтыгы бекемдөөдө. Германиянын алдыңкы компаниялары казакстандык өнөктөштөрү менен тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба, кайра жанма энергия булактары жана технологиялар трансферти сыяктуу тармактарда кызматташуу тууралуу келишимге келишти. Кол коюу иш-чарасы Берлинде өткөн Стратегиялык кызматташтык тууралуу Казакстан-Германия ишкер кеңешинде өттү. Жолугушууда азыркы тапта аткарылып жаткан долбоорлор менен келечектеги пландар да талкууланды. Расмий маалыматка таянсак, акыркы 4 жылда эки тарап наркы 2 миллиард евролук 20 келишимге кол койгон.

БОЛАТ НҮСИПОВ, КРнын  ГЕРМАНИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Германия биздин мамлекеттин Европадагы стратегиялык өнөктөшү болсо, Казакстан Германия Федеративдик Республикасынын Борбор Азиядагы стратегиялык өнөктөшү. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосунда тыгыз экономикалык карым-катнаш орногон. Ишкердик Кеңеш соода-экономикалык катнаштын маанилүү институту. Ишкердик Кеңеш 2010-жылы канцлер Ангела Меркелдин Астанага болгон сапары учурунда түзүлгөн. Андан бери кеңештин 10 отуруму өттү.

ЛАЗЗАТ РАМАЗАНОВА, «АТАМЕКЕН» УКП ПРЕЗИДИУМУНУН ТӨРАГАСЫНЫН КАТЧЫЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Күн тартибиндеги өзөктүү маселелер Кеңештин отурумунда талкууга алынды. Белгилеп айтсак, бул ишке ашырылып жаткан 24 долбоор. Ушул 24 долбоордун азыркы тапта 5-мезгили ишке ашырылып, 11 ишке кошулду. Ушул багытта немис тараптын тең төрагасы Тильс мырзанын айтымында, Германия Федеративдик Республикасы бүгүнкү күндө бардык көңүлүн  Борбор Азия менен Казакстан Республикасына буруп жатат.