2019-жылы Евразиялык интеграция идеясына 25 жыл толот

2019-жылы Евразиялык интеграция идеясына 25 жыл толот

Евразиялык экономикалык биримдикти түзүү тууралуу келишимине 2019-жылы 5 жыл, Евразиялык интеграция идеясына 25 жыл толот. Биримдиктин ичинде капитал, кызматтар, товарлар менен жумушчу күчүнүн эркин кыймылы камсыз кылынган. Нурсултан Назарбаевдин демилгеси Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасынын жигердүү өнүгүшүнө таасир этти.

ГҮЛМИРА ИСАЕВА, КР АЙЫЛ ЧАРБА ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Өлкө башчысынын сунушу менен ЕАЭБ түзүлгөндө экономикалык прагматизм ыкмасы негизге алынган. Башкача айтканда, биздин өлкөлөргө биримдик алкагында иш алып баруу абдан эффективдүү болду.

Артыкчылыктарды мүчө өлкөлөрдөгү өнөр жай өндүрүшүнүн көрсөткүчтөрү далилдейт. Ал 2,7 пайызга өстү. «Бештиктеги» өлкөлөрдүн көбүндө өсүш көрүнүктүү болду. Белгилеп айтканда, Казакстанда өнөр жай өндүрүшү 7, Кыргызстанда – 11,5, Арменияда 13 пайыз.

Өсүш машина куруу, металлургия, автомобиль чогултуу, кийим тигүү, металл өнүмдөрүнүн өндүрүшү, эмерек өнөр жайында көрүнүктүү байкалат. Биримдиктин ичиндеги ишканалардын жүгүртүү каржысы да жогорулаган.

САПАРБАЙ ЖУБАЕВ, ЭКОНОМИСТ:

- Казакстанда өндүрүлгөн даяр өнүмдөр азыркы күндө Орусияга, Беларуска, Кыргызстанга экспорттолуп жатат. Ал 13-14-жылдардагы деңгээл менен салыштырганда бүгүнкү күндө 25-30 пайызга өскөн. Бул Казакстандын өндүрүштү өнүктүрүүгө, чийки зат экономикасынан кайра иштетүү экономикасына өтүшүбүзгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат деп эсептейбиз.

Улуттук экономика министрлигинин статистика комитетинин маалыматына таянсак, ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында Казакстандын ЕАЭБ мамлекеттери менен өз ара соодасы өскөн. Товар жүгүртүүдө Орусиянын салымы басымдуу. Мисалы, быйылкы 9 айда бир гана Түндүк Казакстан  облусунун ЕАЭБ өлкөлөрү менен ортодогу товар жүгүртүүсү 266 миллион АКШ долларына  жеткен. Экспорт көлөмү 14 пайызга  өсүп, 42 миллион  долларды түзөт. Башкача айтканда, бул биримдикке мүчө өлкөлөрдүн рыногуна кирип, тыгыз соода-сатык орнотуу өлкөнүн экономикасын алдыга жылдырууга таасирин тийгизип келе жатат деген сөз.

ДИНМУХАММЕД ШАЙКИН, ЭКОНОМИКА ИЛИМДЕРИНИН КАНДИДАТЫ:

- Президент ички дүң өнүмдүн сапаттуу түрдө өнүккөнүн белгилеп көрсөттү. Башкача айтканда, мунай өндүрүлүп, казма байлыктар казылып, аймактан буудай экспорттолгондон сырткары, аны сапаттуу түрдө иштетүүгө басымдуулук берилди. Мына ушундай шарттарда Евразиялык экономикалык биримдиктин өнүгүүсү сапат жагынан алганда эффективдүүрөк болот жана жаңы чакырыктарга каршы тура алат.

2016-жылдын тогуздун айында ЕАЭБ Вьетнам менен эркин соода аймагын түздү, ал эми бугу айында Астана экономикалык форумунда Иран менен ушундай соода аймагын түзүү тууралуу убактылуу келешимге жана биримдик менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлган.

СЕРИК ЖУМАНГАРИН, КР УЛУТТУК ЭКОНОМИКА ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Казакстан бүгүнкү күндө санариптик экономика түзүүгө басымдуулук берип жатат. Эмгек биржасын, ачык сандык платформа түзүү башкы милдеттердин бири. Эл аралык рынокторго чыгып, эркин соода аймактарын түзүү – дагы бир маанилүү маселе.

Евразиялык интеграциянын экономикалык мүмкүнчүлүгү толук пайдаланыла элек, дешет адистер. Азыр биримдиктеги мамлекеттердин алдында жалпы кызыкчылыктарын жамааттык түрдө билдирүүгө, сырткы өнөктөштөрү менен эффективдүү мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк жаралып жатат.