Түндүк Казакстан облусунда айыл чарба өнүмдөрүн иштете турган өндүрүштүк кластер түзүлдү

Түндүк Казакстан облусунда айыл чарба өнүмдөрүн иштете турган өндүрүштүк кластер түзүлдү

Түндүк Казакстан облусунда айыл чарба өнүмдөрүн иштете турган өндүрүштүк кластер түзүлдү. Бул Казакстан менен Кытай өлкөлөрүнүн биргелешкен долбоору. Бүгүнкү күндө Ильичевка айылында май заводу иштеп жатат.

РҮСТЕМ ЖАНИБЕКОВ, ОПЕРАТОР:

- Майдалагыч станоктордон кийин чийки зат мешке барат. Андан кийин мештин ичинде буу менен кызытылат. Мен нымдуулугун текшерип чыгам. Эгер нымдуулугу 8 же сегизден ашса мен сууну кошпойм.

Бул – облустагы майлуу өсүмдүктөрдү иштете турган жалгыз завод. Анын курулушуна – 7 миллиард теңге каржы салынган. Быйыл ишкана 100 миң тонна рапс кабыл алып, өсүмдүк майы жана күнжара чыгарат. Өнүм Кытайга экспорттолот. Инвесторлор да ошол өлкөдөн.

ЛУ ПЕЙ ДЖЕ, МАЙ ЗАВОДУНУН БАШКЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Май заводу – биринчи этап. Экинчи этап - 2020-2023–жылдардын аралыгында эт менен сүт иштетүү ишканаларын салабыз. Үчүнчү этап – бал өндүрүшү. Ал жерде 300 адам иштейт.

Өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев өз Кайрылуусунда 2022–жылга карай агро өнөр жай комплексиндеги эмгек өнүмдүүлүгүн жана кайра иштетилген өнүм экспортун 2,5 эсеге көбөйтүүнү тапшырган. Быйыл түндүктө 1 миллион тоннадай майлуу өсүмдүк жыйналган. Эми облуста аны иштете турган жай бар.

СЕМБИ МУКАНШАРИПОВ, АМАНДЫК АЙЫЛ ОКРУГУНУН АКИМИ:

- Чакан чарбачылыктарга өтө пайдалуу болду. Алар мурда майлуу өсүмдүктөрүн кайда өткөрөрүн билишчү эмес. Азыр ушул жерден дал ушул май заводуна өткөрүп, тиешелүү акчаларын алып, өтө жогору баа менен тапшырат.

Аны менен катар, алдыдагы 5 жылда конушта эт, сүт, бал чыгара турган комплекс пайда болот.