Акмола жана Караганды облустарында эт комбинаты менен 16 сүт фермасы салынат

Акмола жана Караганды облустарында эт комбинаты менен 16 сүт фермасы салынат

Казакстандын агро өнөр жай комплекси – өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизги драйверлеринин бири. Өнөр жай өнүгүшү азыркы заманбап технологияларды киргизүүнү жана фермерлерди колдоону камтыйт. Айыл чарба министрлигинин тармактык программасы боюнча алдыдагы 10 жылда сүт жана тоок этин өндүрүүнү үч эсеге жогорулатуу көздөлүп жатат. Аны менен катар Акмола жана Караганды облустарында 2021-жылга чейин эт комбинаты менен 16 сүт фермасы салынат. Мунун бардыгы сүт өнүмдөрүнө жана тоок этине болгон импорттук көз карандуулукту жоюунун так кадамдары.

АРМАН ЕВНИЕВ, КР АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Болжолдоп айтканда, биз импорттоп жаткан сүт жана сүт өнүмдөрүнүн көлөмү миллион тонна. Бул миллион тонна бизде так жазылган. 18-19-жылдарга кандай фермалар ишке кирет, кандай технология жана бул долбоорлордун демилгечилери дыкаттык менен жазылды. Башкача айтканда, бул так жумуш, бир фермер – бир долбоор.

Санариптештирүүнү киргизүү да өз натыйжаларын берүүдө. Жаңы технологиялар фермерлерге жазмаларды эффективдүү сактоого мүмкүнчүлүк берет. Батыш Казакстан облусундагы чарбачылыктардын биринде даярдалган мобилдик тиркемеге коңшу мал чарба ишканаларынын ээлери да кызыктар болууда. Көзөмөлдөө системасына болгону уюлдук телефон керек. Ал GPS сигналы катары кызмат кылат. Фермер бир жаныбарга уюлдук телефонду илип жиберет. Жоголгон мал анын жардамы менен издеп табылат.

САЯН БАЕТОВ, БӨКЕЙОРДА РАЙОНУНУН  ХАН ОРДА АЙЫЛЫНЫН ТУРГУНУ:

- Ал жайытта жайылып жүрөт. Мен болгону сырттан көзөмөлдөп турам. Эгерде алардын жарымы бөлүнүп кетсе, мен уюлдук телефонумдагы тиркемени ачып, алардын кайсы багытта кеткенин көрө алам. Алардын кеткен жолу менен барып, таап алам. Өткөн жылы бир дагы баш жоголгон эмес. Бул мобилдик тиркеменин жардамы.

Аталган мобилдик тиркеме аркылуу фермерлер мал башын көзөмөлдөй алышат. Чарбачылыктагы жаныбарлар радио жыштыктын биркасы менен камсыздалган. Бардык маалыматтар Айыл чарба министрлигинин маалыматтар базасында сакталат. Фермер тиркеме аркылуу бул маалыматтар базасына кирип, жаныбардын паспортуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизе алат. Фермердин идеясына айыл чарба министрлиги  кызыгып жатат.