«Астана» ЭКБ Лондондо тааныштырылды

«Астана» ЭКБ Лондондо тааныштырылды

Лондондогу ишкердик жана каржы топтору «Астана» эл аралык каржы борборунун жумушу менен таанышты. Казакстандык өкүлдөрдүн айтымында, «Астана» эл аралык каржы борборунун нормативдик–укуктук базасы эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбага негизделип түзүлгөн. Каржы борборунун сот системасы, фонд рыногундагы каржы кызматы менен операцияларын эл аралык стандарттарга ылайык жасайт.

ГАРРИ КЕННЕТ ВУЛЬФ, АЭКБ СОТУНУН ТӨРАГАСЫ:

- Жоопкерчилиги мага жүктөлгөн соттун жогорку бийиктиктерге жеткенине абдан кубанычтамын. Биз бизнеске ачыкпыз. Бардыгы жогорку деңгээлде болушу үчүн сапаттуу инфраструктура курулуп жатат.

Жолугушууда каржы борборунун өкүлдөрү Сот менен Эл аралык арбитраж кызматынын каржы борборунун калыптануусуна кошкон салымына өзгөчө токтолуп өтүштү. Ошондой эле, бардык күч жумшалып жаткан экосистема бүткүл Дүйнөдөгү инвесторлор үчүн коопсуздуктун кепили болгондугуна ишеним билдиришти.

БАРБАРА ДЖАДЖ, АЭКБ МҮДҮРЛӨР КЕҢЕШИНИН ТӨРАЙЫМЫ:

- Бул абдан сонун. Бул жердеги жыйынга 200дөй адам чогулду. Алардын жарымы Казакстан менен жаңыдан тааныш жана бирдиктүү бизнес түзүшкөн. Башкалары өлкө тууралуу көбүрөөк кабардар болуу максатында  келип жатышат.

Британдык бизнестин капитандары «Астана» эл аралык каржы борборунун алгачкы жыйындагы натыйжалары менен таанышты. Расмий түрдө ишке кошулгандан бери каржы борборунун биржасында соода жүргүзүлө баштады. Азыркы тапта ал жерде 100 компания катталган. Бүгүнкү иш-чарадан  кийин алардын катары көбөйөт деген ишеним бар.