Костанайда трактор чыгарган орусиялык завод кошулууга кызыктар

Костанайда трактор чыгарган орусиялык завод кошулууга кызыктар

Казакстандын аймактары чет өлкөдөн каржы тартуу жумуштарынын жигердүүлүгүн күчөттү. Инвесторлорго жергиликтүү жерде ыңгайлуу шарттар түзүлүп, жеңилдиктер менен колдоо иш-чаралары каралган. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү индустриялаштыруу алкагындагы долбоорлорго каржы салууга кызыктар чет өлкөлүк компаниялар аз эмес. Мисалы, Костанай облусунда тышкы каржынын катышуусу менен жалпы суммасы 1,4 триллион теңгелик 13 долбоор колго алынган.

ТАЛГАТ МАЙШИН, КОСТАНАЙ ОБЛУСТУК ИШКЕРДИК ЖАНА ИНДУСТРИЯЛЫК-ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Кийинки жылы данды терең иштете турган өндүрүш курулушун баштоо көздөлгөн. Инвестициянын жалпы көлөмү 111 миллиард теңге. Ошондой эле, биз индустриялык аймактын концепциясын даярдадык.

Индустриялык аймакта ишке ашырыла турган долбоордун бирине трактор чыгарган орусиялык завод биринчилерден болуп кошулууга кызыктар. Ишканада жылына 3 миң трактор чыгаруу көздөлүп жатат. Техниканы жергиликтүү адистер чогултат.

САБИТ КОНЫСОВ, ЗАВОДДУН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Кызматкерлердин басымдуу бөлүгү жергиликтүү жашоочулар болот. Башкача айтканда, эң биринчи адистерди тандоо иштери жүргүзүлөт. Андан кийин алар атайын окуудан өтүшөт. Ушундан кийин гана ишке киришет. Алардын бир нечеси Минск трактор заводунун кызматкерлери менен бирге окуудан өтүштү.

Бул жердеги ун тартуу заводунун Борбор Азияда альтернативасы жок. Комплекс чет өлкөлүк инвесторлордун каражатына салынды. Ишканада күнүнө 700 тонна ун өндүрүлөт. Заманбап өндүрүш экспортко багытталган.