Бакуда «Астана» ЭКБ тааныштырылды

Бакуда «Астана» ЭКБ тааныштырылды

«Астана» эл аралык каржы борбору азербайжандык ишкерлер менен каржы институттарына өз кызматтарын сунуштады. Түзүлгөнүнө беш ай болгон борбор ар түрдүү өлкөдөн 88 компанияны ишке тартууга жетишти. Бул жерде чет өлкөлүк уюмдар салыктан бошотулуп, акысыз кеңсе менен камсыздалат. Ушуга кошо, каржы уюмдун кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө Казакстанга 5 жылга визасыз кирүүгө уруксат берилген.

АЙДАР КАЗЫБАЕВ, «АСТАНА» ЭКБнын БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Биздин көздөп жаткан максатыбыз бир – ушул артыкчылыктарды сунуштап, азербайжандык ишкерлерди Казакстандын рыногуна тартуу. Себеби, ар бир бизнес Европа же Азия болсун өз аянтын тандайт. Казакстандык өнүгүү аянты ага караганда жакыныраак. Астанада ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ошондуктан каржы борборундагы орунду азербайжандык компанияларга сунуштап жатабыз.

Сунушталган жеңилдиктер менен кызмат түрлөрү Азербайжан ишкерлерине Евразия мейкиндигинде өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырып, инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, ири NASDAQ жана Шанхай фонд биржасы сыяктуу биржаларга жол ачылган. Тааныштыруу кезинде ишкерлер ислам каржылоо куралдары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

ВУГАР ЗЕЙНАЛОВ, АЗЕРБАЙЖАН ИШКЕРЛЕРИ УЛУТТУК КОНФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Бул жердеги башкы максат – Астана каржы борбору жергиликтүү ишкерлерге кошумча киреше булактарын тартууга жардам бере турганын жеткирүү. Биринчиден бул кызмат ишкерлерге арзанга түшөт. Ушинтип, алар сунушталган куралдардын жардамы менен өз бизнес-долбоорлоруна эң пайдалуу каржы булактарын тарта алышат.

Аны менен катар, «Астана» азербайжандык ишкерлер үчүн каржы жана каржы рыногунун адистерин даярдоодо жардам колун суна алат. Аны менен катар, борбор өзүнүн каржылык тиркемесин ишке кошууну көздөп жатат. Ал эми программаны кураштыруучу чет өлкөлүк компаниялар стартаптарын каржы борборунда ишке ашыра алат.