Караганды облусунун өнүгүшү

Караганды облусунун өнүгүшү

Караганды облусу Казакстандын стратегиялык маанилүү өнөр жайлуу аймагы. Облус өлкөнүн индустриялык өнүгүшүнө алгылыктуу салым кошуп келет. Акыркы 5 жылда Караганды облусундагы өнөр жай өндүрүшүнүн жигердүүлүгү 50 пайызга өстү. Жалпылап алганда, экономиканын бардык негизги тармактарында өсүү байкалат. Бул аймактагы инвесторлор менен жергиликтүү ишкерлердин бизнести өнүктүрүүгө кызыгуусун жаратты.

ЕРЛАН КОШАНОВ, КАРАГАНДЫ ОБЛУСУНУН АКИМИ:

- Облуста 84 миң чакан-орто ишмердүүлүк бар, экономикалык сегменттин үчтөн бири ушул жерде иштейт. Чакан жана орто бизнес өнүмүнүн көлөмү 1 триллион теңгеге жетти, биз мамлекеттик программалардын аткарылуусун, өнүмдү жумуш менен камсыз кылуу жана элдик ишкердүүлүктү өнүктүрүүнү улантабыз. Натыйжасында облус экономикасына 170 миллиард теңге инвестиция салынды. Башкача айтканда, 1 теңге субсидия 20 теңге жеке инвестицияларга барабар.

Караганды облусунун өндүрүштөгү өсүшү жалпы экспорт көлөмүн 8 пайызга өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берген. Бул көрсөткүч менен Караганды облусу республика боюнча биринчи орунга чыкты. Жалпы 5 жылда 20 миллиард долларлык товар чет өлкөгө чыгарылган. Облуста түстүү жана кара металлды өндүрүү тармагында оң динамика байкалат. Белгилеп айта турган болсок, Жезказгандагы жез эритүү заводун жаңыртуу аркылуу ишкананын өндүрүштүк кубаты жылына 400 миң тоннага жогорулайт.

КАЙРАТ ШОРМАНБАЕВ, ОБЛУСТУК ӨНӨР ЖАЙ ЖАНА ИИД БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Ушул документтин негизинде алдыдагы үч жылга 300 миллиард теңге инвестиия бөлүнүп, өндүрүш кубаты бир нече эсеге жогорулайт. Аны менен катар экологиялык коопсуздук иш-чараларын бекемдөө үчүн да каржы булактары табылып жатат.

Караганды облусунда наркы 1 триллион теңгелик 33 жаңы ири инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Алардын жарымына чет өлкөлүк инвесторлор өз салымын кошуп жатат. Мындай долбоорлордун бири – дүң-бөлүштүрүү борбору. Бул долбоор соода жүргүзүү менен логистикадагы буга чейин болбогон жаңы ыкма катары табылат. Бир мезгилде кампада 12 миңден ашуун ар түрдүү өнүм сакталып, жүктөө аянттары бир убакытта 150дөн ашуун машинаны кабыл ала алат.

НАИЛЬ МУНАСИПОВ, КӨТӨРМӨ-БӨЛЧӨКТӨӨ БОРБОРУНУН КОММЕРЦИЯЛЫК МҮДҮРҮ:

- Бул долбоор ишкерлердин товарларын бир жерде сактап, сатуу мүмкүнчүлүктөрүн берет. Аны менен катар борбордо экспорттоо жана импорттоо жолдору бар. Ага кошо ушул борбордон товарларды унаа жана темир жол аркылуу ташуу ишке ашырылат. Жаңы долбоордо электрондук аянттар да орнотулат.

Карагандылык фермерлер да Казакстан экономикасына алгылыктуу  салым кошуп жатат. Аймактын чарбачылыктары биринчи жолу өлкөнүн рыногуна чыкты. Жыл башынан бери 700 тонна уй жана кой эти экспорттолгон. Бул өткөн жыл менен салыштырганда үч эсе көп. Жакында Кытай  рыногуна 20 тонна эт жөнөтүлдү. Жылдын аягына чейин дагы 1000 тонна эт экспортко жөнөтүлөт.