Казакстан-Кытай кызматташтыгы

Казакстан-Кытай кызматташтыгы

Казакстан Кытай менен өз ара пайдалуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чоң маани берип келет. Өлкөлөрдүн узак жылдарга уланган  достук байланыштары кеңейип, бекемделүүдө. Бүгүнкү күндө эки тараптын биргеликте колго алган долбоорлорунун саны 51 болсо, инвестициялардын жалпы көлөмү 27 миллиард доллардан ашат. Алдыдагы эки жылдын ичинде Казакстан менен Кытай жалпы наркы 4 миллиард долларлык дагы 11 долбоорду ишке ашырууну көздөп жатышат. Эки жактуу алаканын дагы бир багыты – чек ара айланасындагы аймактардын инфраструктурасын модернизациялоо. Бээжинде тиешелүү өкмөт аралык документке кол коюлду. Жаңы биргелешкен долбоор Казакстандын аймагында жайгашкан 12 континенттик жана бир темир жол өткөрүү бекетин жабдыктоону, маалыматтарды иштетүү борборун салууну, 12 аба майдандын техникалык шаймандоосун модернизациялоону көздөйт. Курал-жабдыктарды дүйнөнүн ондогон өлкөсүндө заманбап коопсуздук системаларын орнотуу менен алектенген кытайлык компания орнотот.

ВАН ВЭЙДУН, КЫТАЙЛЫК КОМПАНИЯНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- 20 жылдан бери Казакстандын көзөмөлдөө–өткөрүү бекеттерин атайын жабдыктар менен жабдып келебиз. Технологияларыбызды жылдан-жылга жакшыртып жатабыз. Эки жактуу кызматташтыкты бекемдөө оюбузда бар. Кытайдын «Бир кур – бир жол» демилгесин ишке ашырууда Казакстандын мааниси чоң. Ошондуктан силердин өлкөдөгү кызматыбызды кеңейтебиз.