Казакстан-Венгрия: Бизнес кызматташтык

Казакстан-Венгрия: Бизнес кызматташтык

Казакстан менен Венгрия өнөктөштүктү жогорулатууга кызыктар. Өлкөлөр ич ара кызматташууну тереңдетүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Астана – бүгүнкү күндө КМШ мамлекеттеринин арасында Будапешттин негизги шериктеши. Аны Венгрия тараптын өкүлдөрү да ырастап жатышат. Ошондой эле, Венгрия бизнес өкүлдөрү жакынкы арада Казакстанга келишет. Бул өлкөнүн ишкерлери өз ийгиликтерин Казакстанга эле көрсөтүү менен чектелбестен, ошондой эле Казакстандын алдыңкы бизнес-моделдерин изилдей алышат. Тараптар өз ара инвестициялар көлөмүн жогорулатууну көздөп жатат. Айрыкча, айыл чарба тармагына басым берилүүдө. Аны менен катар, Будапешт Казакстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгуу артууда.

МИХАЙ ВАРГА, ВЕНГРИЯНЫН ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР МИНИСТРИ:

- Биз унаанын көлөмүн аныктай турган жана аны менен жүктүн коопсуздугун камсыз кылып, бажылык төлөмдү көзөмөлдөй турган санариптик системаны колдонууга киргизип жатабыз. Ал көмүскө экономика менен күрөштө чоң таасирин тийгизип, бизге жардам болуп жатат. Албетте, бул тажрыйбабызды казакстандык өнөктөштөрүбүз менен бөлүшүүгө даярбыз.

Эки өлкө соода-экономикалык байланыштардан сырткары, маданий-таанып билүүчүлүктү да өнүктүрүүгө кызыктар. Будапешттин чечими менен, казакстандык студенттерге бөлүнө турган грант саны 200дөн 250гө көтөрүлдү.