Казакстан-Германия: Товар жүгүртүү

Казакстан-Германия: Товар жүгүртүү

Казакстан менен Германия – маанилүү соода-экономикалык өнөктөш. Тараптар ушул жылы дипломатиялык кызматташтыктын 26 жылдыгын белгилейт. Алар белгилүү датага мыкты жыйынтык менен келишти. Ушул жылдардын ичинде өлкөлөр бардык тармактар боюнча жигердүү кызматташтык орнотушкан. Алардын катарында айыл чарба, энергия үнөмдөө, билим берүү, машина куруу жана санариптештирүү багыттары бар. Бирок, ушул жылдагы эң маанилүү жетишкендик – товар жүгүртүүнүн өскөндүгү. Өткөн жылда бул көрсөткүч 4 миллиард евро болсо, быйылкы Казакстан менен Германиянын ортосундагы товар жүгүртүү 1 миллиард еврого өсөт деп күтүлүүдө.

БОЛАТ НУСУПОВ, КАЗАКСТАНДЫН ГЕРМАНИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Немис статистикасына ылайык, акыркы 8 айда товар жүгүртүү 21 пайызга өскөн. Башкача айтканда, ушул жылдын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүү 5 миллиард доллардан көп болот деп эсептеп жатабыз. Бирок, бул чек эмес. Биз дагы да иштешибиз керек, биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз арбын.

Европа менен Азиянын ортосунда ыңгайлуу жайгашуусу, салыктык жеңилдиктер жана жагымдуу бизнес-климат Казакстанды немис инвесторлор менен бизнесмендери үчүн тартымдуу кылат. Бүгүнкү күндө Казакстанда немис каржысы катышкан 900 компания катталган.

ХАНС-ЙОХИМ БИШОФФ, «KAZAKH INVESTтин» ГЕРМАНИЯДАГЫ ӨКҮЛҮ:

- Көптөгөн немис компаниялар Казакстанда иштөөгө кызыктар. Алар үчүн Казакстан ири рыногу бар, тартымдуу өлкө. Биз 18 миллион калкы бар Казакстан тууралуу гана айтып жаткан жокпуз. Коңшу өлкөлөрдү кошкондо 180 миллион адамды түзөт. Немистер үчүн айыл чарба, кайра жанма энергия булактары тармагындагы долбоорлор тартымдуу.  Аталган тармактарда өлкөлөр жигердүү кызматташып келет. Ошондой эле немис инвесторлорун өлкөдөгү мамлекеттик колдоолор да өзүнө тартып турат. Аталган колдоолор долбоорлорду кыска убакыттын ичинде ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Бештин айынын жетисинде Берлинде Казакстан–Германия Ишкердик Кеңешинин кезектеги отуруму өтөт. Анда катышуучулар бир канча меморандумга кол коюп, Казакстандын аймагында ишке аша турган долбоорлор боюнча кеп козгошот деп күтүлүүдө.