Казакстан ЕАЭБде

Казакстан ЕАЭБде

Казакстан – Евразиялык экономикалык биримдиктин маанилүү катышуучуларынын бири. Эскерте кетсек, ири экономикалык ассоциацияны түзүү тууралуу демилге Нурсултан Назарбаевга таандык. Биримдик калыптанган мезгилден баштап, катышуучуларга жаңы рыноктор жеткиликтүү болду. Бул багытта ЕАЭБ алгылыктуу ийгиликтерге жетишкенин белгилеп кетүү зарыл. Бул ич ара инвестициялардын өсүшүндө да байкалат. Казакстандын 2018-жылдын биринчи жарымында биримдик мамлекеттери менен товар жүгүртүүсү болжол менен 9 миллиард долларды түзөт.

Бүгүнкү күндө ЕАЭБ – уникалдуу модель. Заман талабына ылайык тез аракет кылуу үчүн өлкөлөр экономикалык мәселелерди биргеликте чечет. Мисалы, Москвада Евразиялык экономикалык биримдиктин айыл чарба саясаты боюнча Кеңешинин алгачкы отурумунда Казакстан айыл чарбасында өндүрүш көлөмүн болжоонун жаңы усулун түзүү тууралуу сунуш кылды. Евразиялык экономикалык комиссия аны даярдоону колго алып жатат. Ошондой эле, товар кыймылын көзөмөлдөй турган логистикалык санариптик платформалар Бирдиктүү маалымат системасынын негизинде түзүлбөй турган болду. Өлкөнүн айыл чарба министрлиги бул максатта улуттук маалымат – логистикалык системаларынын биргеликте иштөөсүн сунуш кылды.

ГҮЛМИРА ИСАЕВА, КР АЙЫЛ ЧАРБА ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Евразиялык экономикалык биримдик президенттин демилгеси менен түзүлүп жаткан кезде негиз катары Евразиялык экономикалык прагматизм усулу кабыл алынган. Башкача айтканда, биздин өлкөлөр Евразиялык экономикалык биримдигинде, анын ичинде айыл чарбасында өз ара аракеттенүүдөн пайда табышы керек. Мисалы, биздин өлкөнүн рынокторунда суроо-талапка ээ өндүрүштөрдү чыгара турган болсок, канча азык-түлүк өнүмүн өндүрүп, пайдаланууга боло турган божомолдорду жасай алабыз.

Бүгүнкү күндө экономикалык уюм башка өлкөлөргө да кызыктуу. Алар кызматташууга аракетин билдирип келишет. ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосунда эркин соода аймагын түзүү тууралуу келишимге кол коюлду. Мындай сүйлөшүүлөр Сингапур менен да жүрүп жатат. Биримдик менен соода-сатыкты өнүктүрүүгө Египет да кызыктар.