Казакстан-Германия: Био отун өндүрүлүшү

Казакстан-Германия: Био отун өндүрүлүшү

Био отун чыгаруу. Казакстанда бул эко-өнүмдүн өндүрүлүшү өтө пайдалуу болот. Бул тууралууу кайра жанма энергия булактары тармагындагы немис серепчилери да айтып жатышат. Алар казакстандык кесиптештеринин назарын келечеги кең тармакка бурууга чакырды. Өлкө дандын эң ири экспортчусу катары белгилүү жана немис окумуштууларынын пикиринде, био массадан энергия өндүрүүгө көңүл буруу керек. Белгилей кетсек, Германияда аталган энергия булагын пайдалануу боюнча экинчи орунда. Каныш Сатпаев университетинин окумуштуулары альтернативалык энергетиканы өнүктүрүүдөгү казак-немис кызматташтыгынын ушул жана башка артыкчылыктары тууралуу белгилеп өтүштү. Өткөн үч жылда Германия ушул тармакта дүйнөлүк лидер болуп табылган. Казакстан менен тыгыз кызматташтыктын натыйжасында бүгүнкү күндө эки ири долбоор ишке ашырылууда. Немис окумуштууларынын айтымында, Казакстанда жашыл электр станцияларынын тез таралышы жана жалпылап алганда альтернативалык энергетиканы өнүктүрүүгө бардык шарттар бар.

ТОМАС ХЕЛЬМ, КАЗАКСТАНДАГЫ «KONARD ADENAUER STIFTUNG» ФОНД ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Борбордон ажыратуунун мааниси бар. Казакстанда чакан шаарлар мен айылдардагы кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүү алыстыкты эске алганда, бул жерде алда канча үнөмдүү болот. Аны менен катар, аймактардагы жаш ишкерлердин долбоорлоруна көбүрөөк көңүл буруу керек.