ЕАЭБ жана Египет: Соода келишими

ЕАЭБ жана Египет: Соода келишими

Евразиялык экономикалык биримдик менен Египеттин ортосундагы соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн алгачкы раунду 2019-жылдын үчтүн айында өтөт. Эки тараптын ортосунда тиешелүү документке кол коюлуп, биргелешкен жумуштун максаттары жана эрежелери бекитилди. 2018-жылдын алгачкы сегиз айынын жыйынтыгы боюнча, Евразиялык бештик өлкөлөрү менен Араб республикасынын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 4 миллиард доллардан ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 30 пайызга жогору. Евразиялык экономикалык биримдиктин маанилүү катышуучуларынын бири – Казакстан. Ал уюмдун экономикалык негизин түзөт. Бүгүнкү күндө Казакстандын биримдик өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 9 миллиард долларга жакындады.