Казакстан менен Өзбекстан кызматташтыгы

Казакстан менен Өзбекстан кызматташтыгы

Казакстан менен Өзбекстан - стратегиялык соода өнөктөш. Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн туруктуу өсүшү байкалууда. 9 айда бул көрсөткүч эки миллиарддан ашты. Ошентсе да, тараптар эки жактуу соода-экономикалык мамилелердин көлөмүн жогорулатууну көздөп жатышат. Алдыдагы милдет – 2020-жылга карай товар жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү. Бул көрсөткүчкө жетүүдө жаңы келишимдердин жардамы чоң болот. Алар автомобиль өнөр жайы менен логистика тармагына тиешелүү.

АВАЗ ХОДЖИЕВ, СЫРДАРЫЯ ОБЛУСУНУН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ / ӨЗБЕКСТАН:

- 10 миллион доллар көлөмүндөгү 2 инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул биздин облуска тартылган Казакстандык инвестиция. Долбоордун бири азыркы заманбап полипропилендүү таңгак жана кальций карбонатын өндүрүү. Алдыда чоң пландар бар.

Азыркы тапта Казакстандын 7 аймагы Өзбекстан менен тыгыз кызматташтыкта. Коңшу өлкөдө казакстандык капиталдын катышуусу менен ар түрдүү рынок сегменттеринде 260 ишкана иштейт.

ГАБИДОЛЛА АБДИРАХЫМОВ, ЧЫМКЕНТ ШААРЫНЫН АКИМИ:

- Чымкенттин Өзбекстан Республикасы менен соода жүгүртүүсү үстүбүздөгү жылдын 9 айында 61 миллион АКШ долларын түзгөн, ал эми экспорт көлөмү 49 миллион, импорт көлөмү 12 миллион АКШ долларына тең.

Эскерте кетсек, Казакстан Өзбекстанга буудай, ун, күн карама, болот жана темир чала фабрикаты, цинк рудасы, алюминий чийки заты, табигый газ жана мунай жеткирет. Ал эми коңшу өлкөдөн жемиштер, табигый газ, полиэтилен, цинк, минералдык жер семирткичтер келет.