Алдыдагы 3 жылда Казакстанда агро өнөр жай комплексине 100 миллиард теңге бөлүү каралган

Алдыдагы 3 жылда Казакстанда агро өнөр жай комплексине 100 миллиард теңге бөлүү каралган

Казакстанда агро өнөр жай комплексинин толук мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу көздөлдү. Алдыдагы үч жылда бул максатка болжол менен 100 миллиард теңге бөлүү каралган. Айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн алдына коюлган негизги милдет – өнүмдүн экспортун 2,5 эсеге жогорулатуу. Ушул мерчемдерди ишке ашырууга Жамбыл облусу да салым кошууда. Жыл башынан бери аймак эки миң тоннадан ашуун эт өнүмүн тышкы рынокторго чыгарды.

ЕРЛАН КУЛКЕЕВ, ОБЛУСТУК АЙЫЛ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Өткөн жылы өнүм экспорту 495 тоннаны түзгөн. Ал эми быйылкы жылдын башынан бери Жамбыл облусу 2200 тоннадан ашуун ар түрдүү эт өнүмдөрүн экспорттоду.

Казакстандык мал өндүрүүчүлөр быйылкы жылы 10,5 миң тонна эт менен эт өнүмдөрүн экспорттоду. Көпчүлүгү Өзбекстан жана Орусия өлкөлөрүнө жөнөтүлдү.

КАСЫМ ИТКУСОВ, АКМОЛА ОБЛУСУ АЙЫЛ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Экспорттолгон эт-сүт өнүмдөрүнүн баасы 2 миллион АКШ доллары чамасында. Географиялык жагынан бизге Орусия Федерациясынын чек ара аймактарына товар өткөрүү эффективдүүү. Ошондой эле, Москва менен Санкт-Петербургга да агро өнүм жөнөтөбүз.

Казакстандык мал өстүрүүчүлөрдүн планындагы дагы бир рынок – Кытай. Тоңдурулган кой этинин алгачкы партиясы Караганды облусунан коңшу өлкөгө багыт алды. КЭРге товарлар темир жол аркылуу жеткирилет. Биринчилерден болуп 20 тонна этти аймактын эки районунун фермерлери жөнөттү. Алар 1200 мал башы менен камсыз кылышты. Жыл аягына чейин 600 тонна кой эти чет өлкөгө жөнөтүлөт деп пландалууда.

ЁН ДЖИПИН, ШЫҢЖАҢ ИМПОРТ-ЭКСПОРТ КОМПАНИЯСЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Эң башкысы – эки өлкө лидерлеринин ортосунда келишим бар. Ал эми ишкерлер жөнөтүү маселесин чечет. Инфекциялык талаптар алкагында Казакстан менен Кытайдын айыл чарба министрликтери чоң жумушту аткарышты. Бүгүнкү күндө бардык суроолордун чечими табылып, биз кызматташтыкка  кириштик.

Маалымат боюнча, Казакстанда жыл башынан бери 225 миң тоннадан ашуун эт өндүрүлгөн. Бул 2017-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 10 пайызга көп.