АЭКБ биржасындагы биринчи соода-сатык

АЭКБ биржасындагы биринчи соода-сатык

«Астана» эл аралык каржы борбору өнүгүүнүн жаңы мезгилине кадам таштады. Биржа аянтына соода-сатыктын расмий түрдө кошулуусу улуттук компанияларга өзүнүн баалуу кагаздарын жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тизмени биринчилерден болуп уран өндүрүүчү улуттук компания баштап турат. Аны менен катар, башка да казакстандык ишкерлер менен бирге чет өлкөлүк инвесторлордун да кызыгуусу жогору. Улуттук жыргалчылык фондунун маалыматы боюнча, биринчи күндүн ичинде соода-сатыкка 49 чет өлкөлүк жана 16 ата мекендик юридикалык жак катышкан.

КАЙРАТ КЕЛИМБЕТОВ «АСТАНА» ЭКБ БАШКАРУУЧУСУ:

- Биздин биржа акцияларды сатууда баштапкы платформаны аткарат. Космос индустриясында Байкоңур космос аянты кандай болсо, биздин каржы аянты да жаңы демилгелердин, жаңы каржы идеялардын негиздөөчүлөрү болот деп үмүттөнөбүз.

ТИМ БЕННАТ, «АСТАНА» ЭКБ БИРЖАСЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Бул тарыхый күн. Компания дүйнө рыногундагы башка катышуучулар менен атаандаш болууга мүмкүнчүлүк алып, мыкты боло аларын далилдеди. Ошондой эле, ал инвесторлор үчүн ачыктыкты жакшыртып, бизнестин өнүгүшүнө капиталдын жеткиликтүүлүгүн сактап жатат.

Улуттук компанияларды IPOго чыгаруу аркылуу алардын тартымдуулугунун жогорулашына мүмкүнчүлүк жаралат. Мисалы, уран өндүрүүчү компаниянын акциясына болгон суроо-талап  листингдин биринчи күнү эле өсүп, жалпы суммасы 45 миллион долларга сунуш түшкөн. Алдыдагы убакытта анын өлчөмү 450 миллион долларга жетүүгө тийиш. Ушинтип, бул каражат түз улуттук фондго которулат.

ГАЛЫМЖАН ПИРМАТОВ, УРАН ӨНДҮРҮҮЧҮ КОМПАНИЯНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Компания мурда болуп көрбөгөн трансформациядан өттү жана дүйнөдөгү уран өндүрө турган жалгыз компанияга айланды. Биздин компаниялардын ортосунда эми казакстандык инвесторлор жана алдыңкы эл аралык  инвестициялык фонддор бар.

Каржы борборунда бүгүнкү күндө 88 компания катталган. Мекеменин башкаруучусу Кайрат Келимбетовдун айтымында, 2020-жылга чейин алардын саны 6 эсеге өсүшү мүмкүн. 4 айда каржы борборлорунун дүйнөлүк рейтингинде «Астана» 61-орунга жеткен. Ушуга карай алдыдагы эки жылда топ-50гө да кирүүсү толук мүмкүн. Адистер каржы борбордун кызматынан болгон экономикалык таасир 2027-жылы 40 миллиард долларга жетет деп божомолдошууда. Түз чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен өлкөнүн  ички дүң өнүмү өсөт.