Транзиттик мүмкүнчүлүктөр өсүүдө

Транзиттик мүмкүнчүлүктөр өсүүдө

Казакстан аркылуу өтө турган Иу-Мадрид багытындагы поезддердин саны 80 пайызга өстү. «Иу эл аралык контейнердик ташуу» компаниясынын вице-президенти Фан Сйюдундун айтымында, бул Кытай менен Европанын ортосундагы жүк ташый турган эң узун багыт. Ал Казакстан аркылуу да өтөт. Жалпы аралыгы 13 миң чакырымды түзгөн  Иу Мадрид багыты 2014-жылы ишке кошулган. Поезд аптасына эки жолу каттайт. Чыгыш Кытайдан Испаниянын борборуна чейин темир жол менен жүк жеткирүүгө 17-18 күн жеткиликтүү. 

ФАН СЙЮДУН, «ИУ ЭЛ АРАЛЫК КОНТЕЙНЕРДИК ТАШУУ» КОМПАНИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Поезддер Казакстандын аймагындагы Хоргос жана Алашанькоу аркылуу Кытай менен Европанын ортосунан эң узун маршрутту басып өтүшөт. Быйыл 9 айдын ичинде 19 миңге жакын контейнер ташылды. Жүк айлануу өткөн жыл менен салыштырганда 80 пайызга өстү. Поезддер аптасына эки жолу каттайт.