Кытай рыногуна чыгууга 30 казакстандик компания даярданып жатат

Кытай рыногуна чыгууга 30 казакстандик компания даярданып жатат

Казакстан жаңы рынокторду багындырууда. Ата мекендик ишкерлер өз өндүрүштөрүн экспорттоодо Кытай менен өнөктөштүк орнотуунун келечеги мол деп жатышат. Бүгүнкү күндө  КЭРге Казакстандан көбүнчө чийки зат жөнөтүлөт. Негизинен тазартылган жез, цинк, феро эритме, мунай, газ жана дан жөнөтүлөт. Азыркы тапта Кытай рыногуна айыл чарба өнүмдөрүнүн 30 ашуун түрүн чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Өлкөнүн мөмө –жемиш, буурчак, бакча жана дандуу өсүмдүктөрүнө суроо-талап жогору.

АЯН ЕРЕНОВ, КАЗАКСТАНДЫН ТЫШКЫ СООДА ПАЛАТАСЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Кытай рыногуна чыгуу үчүн ири ишканалар менен иштешүү керек. Анткени ири өлкөнүн суроо-талабын канааттандыруу үчүн өндүрүштүн жүгүртүүсү жана кубаттуулугу өтө чоң болуусу керек. Өткөн жылы товар жүгүртүү 10,5 миллиард долларды түзгөн. Анын 5,5 миллиарды Казакстандык экспорт болсо, калган 4,5 миллиарды Кытайдан келген импорттун салымы.

Кытай рыногуна чыгууга 30 ата мекендик компания даярданып жатат. Бул негизинен тамак-аш, жеңил өнөр жай өнүмдөрү жана машина куруу ишканалары, туризм жана айыл чарба тармактары. Казакстандык эттин сапаты Ооганстан, Иран, Орусия, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө таанылууга жетишкен. Алдыдагы убакытта анын даамын кытайлык керектөөчүлөр да тата алышат.

МАКСУТ БАКТЫБАЕВ, КАЗАКСТАН ЭТ БИРИМДИГИНИН БАШЧЫСЫ:

- Эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жакшы карым-катнашынын аркасында  эт өнүмдөрүн жеткирүү боюнча келишим түзүлдү. Бардык уруксат документтери даяр. Ушунун аркасында жумуш кызый түштү. Биз алгачкы партияны ушул жылдын аягында жөнөтүүнү көздөп жатабыз. Азыркы тапта жылына 20, кийин 50-60, керек болсо 100 тоннага чейин эт жеткирүү көздөлгөн. Ал суроо-талапка байланыштуу болот.

Керектөөчүлөрдүн саны дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн алда канча ири мамлекет менен өнөктөштүктү орнотууга Актөбөлүк кондитердик ишкана желелеринин бири да кызыктар болуп жатат. Ата мекендик өндүрүүчүлөр Казакстанда жасалган «шоколаддагы жент» десерти чек аралаш элдин көңүлүнө жагаарына ишенип жатышат. Дизайнер Айжан Жүзбай болсо кытайлык модачыларды өзгөчө стилде тигилген кийим үлгүлөрү менен таң калтырат.