Чымкент: Бензни өндүрүшү

Чымкент: Бензни өндүрүшү

Өндүрүштөрдү жаңыртуу – Жигердүү индустриалдык инновациялык өнүгүү программасынын максаттарынын бири. Бул жараяндан өлкөдөгү мунай иштетүү заводдору да четте калган жок.

Чымкенттеги жаңыртуу долбоору жакында аягына чыгат. Натыйжасында изомерлөө орнотмосу кошулгандан кийин жогорку октандуу бензин өндүрүшү  жүз пайыз жолго салынды. Ал эми мотор отундарынын сапаты Бажы биримдигинин техникалык регламентинин талаптарына ылайык К4 жана К5 экологиялык классына жеткирилди. Башкача айтканда, завод азыр Евро-4 жана Евро-5 стандарттарына ылайык күйүүчү май жана дизель отунун чыгарууда.

МУРАТ ТАПБЕРГЕНОВ, ЧМИЗ №3 ЦЕХ БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул долбоордун максаты жогорку октандуу бензин алуу, дизель отунун өндүрүү, ныкталган газды максаттуу пайдалануу. Азыр жумуштун бардыгы автоматтык түрдө жолго салынган. Биздеги адистер дасыккан. Санариптик система менен иштей алат. Заводдун жумушун жандандыруу үчүн жаңыртуу сөзсүз түрдө керек.

Казакстанда чыгарыла турган мунай өнүмдөрүнүн үчтөн бири ушул заводго тиешелүү. Эми заводдун бардык өндүрүштүк жараяндары бир жерден башкарылат. Бул жердеги технологиялар санариптик системага өткөрүлүп, операторлор заманбап автоматташтырылган санариптик системаны пайдаланышууда. Жаңыртуу алкагында бул жерде 11 технологиялык орнотмо жана жалпы завод чарбачылыгынын 29 объектиси салынган.

ТАЛГАТ МАКУОВ, ЧМИЗ ЖАҢЫРТУУ ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Биздин завод эми дүйнөлүк талаптарга жооп бере алат. Себеби, күйүүчү май чыгаруу системасы  толук жаңыртылды. Бул жерде жигердүү курулуш жумуштары жүргүзүлдү. Жаңыртуунун экинчи этабындагы жумуштарга 4 миңден ашуун адам менен 1600 атайын техника тартылды.

Жигердүү оңдоп-түзөөнүн натыйжасында бүгүнкү күндө өндүрүш көлөмү 1 миллион тоннага көбөйүп, 6 миллионго жетти. Ал эми жаңыртуунун эң башкы натыйжасы – экологиялык пайдалуулук.