ЕКӨБ: Казакстан экономикасынын өсүшү уланат

ЕКӨБ: Казакстан экономикасынын өсүшү уланат

Казакстандын экономикасынын өсүшү уланат. Европа кайра куруу жана өнүгүү банкынын 2019-жылга карата жасаган экономикалык божомолунда ушундай маалымат келтирилет. Каржы уюмунун серепчилери алдыдагы он эки айда жалпы Борбор Азия аймагында өсүш болот деген пикирде.

АРТУР РАДЗИВИЛЛ, ЕКӨБ БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Албетте мунай баасы менен өндүрүш көлөмүнүн өсүшү, ушул тармакка инвестиция көлөмүн көбөйтүүгө байланыштуу Казакстанда 4 пайыздык өсүштү божомолдоп жатабыз. Бул жараян 2019-жылы да уланат.

Серепчилер Казакстандын алдында турган башкы милдеттердин бири – экономиканы ар тараптуу кылуу деген пикирде. Ошондой эле, жеке менчик тармагынын үлүшүн көбөйтүү керек.

СЕРГЕЙ ГУРИЕВ, ЕКӨБ БАШКЫ ЭКОНОМИСТИ:

- Эң биринчи, Казакстанда рынок экономикасын жакшыртуу жана менчиктештирүүнү өткөрүү керек. Албетте Астана эл аралык каржы борборун өнүктүрүп, мамлекеттик компаниялардын акцияларын биржага чыгаруу зарыл. Бул Казакстандагы ири компаниялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына түрткү болот.

Жалпылап алганда, экономисттер Борбор Азияда Өзбекстан экономикасынын көрүнүктүү алдыга жылуусун байкап жатышат. Бул өлкө акыркы жылдары жигердүү түрдө реформаларды жүргүзүп келет. Бул аймактагы бүткүл мамлекеттерге да таасир берет, дешет адистер.