Астанада кийинки жылы Дүйнөлүк санариптик инновациялык жыйын өтөт

Астанада кийинки жылы Дүйнөлүк санариптик инновациялык жыйын өтөт

Казакстандын борбору Астанада кийинки жылы Дүйнөлүк санариптик инновациялык жыйын өтөт. Бул чечим аталган Альянстын Сеулда өткөн инаугурациясында кабыл алынды. Эл аралык форумду уюштурууга Казакстандан башка  Бразилия менен Румыния кызыктар болушкан. Белгилей кетсек, Ааламдык санариптик форумдун негизги максаты катышуучулар  инновацияларды пайдалануу боюнча суроолоруна жооп издей турган, индустриядагы алдыңкы адистерден билим алып, өзөктүү темаларды талкуулай турган жана милдеттерди чечүү үчүн стратегияларды түзүүдө бирдиктүү аянт куруу болуп эсептелет.

ОЛЖАС САРТАЕВ, ИННОВАЦИЯЛЫК ЧЕЧИМДЕРДИ АЛДЫГА ЖЫЛДЫРУУ БОЮНЧА КОМПАНИЯ ӨКҮЛҮ:

- Жыйындын алкагында биз тажрыйба алмашабыз. Өзүбүздүн жаңычылыктарыбызды көрсөтүп, кесиптештерибиздин баасын алабыз. Корея, Жапония, керек болсо Латын Америка сыяктуу өлкөлөрдөн келген кесиптештерибиз менен сүйлөштүк. Бул абдан маанилүү. Альянстын кийинки отуруму Астанада өтөт деп келиштик.

ЛИ ДЖИ ХЁН, СЕУЛДАГЫ САНАРИПТИК ФОНДУНУН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Альянс мүчөлөрүнүн ар бирине жаңы коомдук кызмат көрсөтүү түрүнө өтүү мүмкүнчүлүгү берилет. Мындай жыйындардын артыкчылыгы – Казакстан алдыңкы катардагы өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуу аркылуу убакытын үнөмдөйт. Менин оюм боюнча, санариптик технологиянын аркасында шаарлардагы өмүр сүрүү деңгээли жакшырат жана бул өзгөрүүлөр калкка жагаарына толук ишенем.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк санариптик инновациялык альянс курамына Казакстандан башка  Корея, АКШ, Сингапур, Бельгия, Португалия, Бразилия, Вьетнам, Малайзия менен Румыния кирет.