Улуттук фонддон чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө 30 миллиард теңге бөлүнөт

Улуттук фонддон чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө 30 миллиард теңге бөлүнөт

Улуттук фонддон чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө 30 миллиард теңге бөлүнөт. Мындай чечимге 2019-2021-жылдарга карата республикалык бюджетти кароо учурунда Мажилис депутаттары келишти. Мындан сырткары, Президенттин тапшырмасынын негизинде 2025-жылга чейин «Бизнестин жол картасы» программасы узартылат. Ал иштеп баштагандан бери 22 миң жумуш оруну түзүлүп, мамлекеттик бюджетке 224 миллиард теңге салык түшкөн.

ТИМУР СҮЛЕЙМЕНОВ, КР УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ:

- Жарандардын айлык акысын көтөрүү, айыл чарбачылыгын, чакан жана орто бизнести колдоо кошумча каржыны талап кылат. Бул максатта республикалык бюджет менен улуттук фонддун акчасын аралаштырып пайдалануу улуттук фонддун концепциясына каршы келбейт. Жыйынтыгында өлкөнүн экономиканын өсүшүнө алып келет.

Жалпы 3 жылдык бюджетте коомдук милдеттемелерди, реформалар менен Президенттин быйылкы кайрылуусун аткаруу маселелери каралган. Улуттук фонддон алына турган каражатты санабаганда үч жылга мерчемделген сумма – 22,2 триллион теңгени түзөт.