Казакстандын экспорттук мүмкүнчүлүгү

Казакстандын экспорттук мүмкүнчүлүгү

Казакстанда экспортко багытталган ишканаларга көрсөтүлгөн мамлекеттик колдоо күчөп жатат. Алдыдагы убакытта иштетүү өнөр жайы менен чийки эмес зат экспортуна 500 миллиард теңге бөлүнөт. Каражат жеңилдик менен насыялоо, экспортко чейинки каржылоо менен мамлекеттик кепилдик берүүгө жумшалат. Ошондой эле, ата мекендик товарларды маркетингдик жылдырууга, өнүмдү өткөрүү рыногун изилдөөгө жана соода тоскоолдуктарын жоюуга багытталат. Тиешелүү мекемелер жыл сайын 40 экспорттоочу, каржылай жана 400 тейлөөчүлүк колдоого ээ болот деп жатышат.

РУСЛАН ЫСКАКОВ, УЛУТТУК ЭКСПОРТТУК КАМСЫЗДАНДЫРУУ АГЕНТТИГИ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Алдыдагы 3 жылда иштетүү индустриясы менен чийки эмес зат экспортуна 500 миллиард теңге багытталат. Бул сумманын 170 миллиарды милдеттемелер боюнча мамлекеттик кепилдиктерди капиталдыштырууга жумшалат. Биздин максатыбыз – экспорттоочуларга ар дайым колдоо көрсөтүү. Жаңы рынокко чыккысы келген, бирок, жаңы өлкөдө ишенимдүү сатып алуучусу жок экспорттоочулар болот. Мындай жагдайда товар сатуунун тобокели бийик. Мына дал ушул кезде биз тобокелдиктерди камсыздандырабыз.

Азыркы тапта Казакстан дүйнөнүн 113 өлкөсүнө иштетүү тармагынын 800гө жакын товар түрүн сунуштайт. Жакында өлкө экспортко багытталган 25 инвестициялык долбоорду ишке кошууну көздөп жатат. Алардын эң ирилери – 450 миллион долларлык КМШ өлкөлөрүнө экспорттоло турган жез зым өндүрүшү менен 50 миллион доллардык металл ээритүү заводу.

КАЙЫРБЕК ӨСКЕНБАЕВ, КР ИНВЕСТИЦИЯЛАР ЖАНА ӨНҮГҮҮ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Биз үчүн башкы рынок катары Кытай Эл Республикасы, Евразиялык экономикалык биримдик, Евробиримдик өлкөлөрү караштырылат. Алардын баарын кошкондо экспорттун 65 пайызына тең болот. Чийки эмес зат экспорту, дүйнөлүк чийки зат рыногун өзгөрмө мезгилинде мыкты, туруктуу экономика жасоого мүмкүнчүлүк берет. Акыркы жылдары 46 жаңы товар түрү чыгарылат.

2017-жылы өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгү 31 пайызга өсүп, 48 миллиард доллардан ашкан. Анын ичинде чийки эмес затынын өнүмүнүн үлүшү 15 миллиард доллар. Инвестициялар жана өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, алдыдагы жылы өсүш уланат. Анын быйылкы 9 ай ичиндегы көрсөткүчү – 28 пайыз. Алдыдагы 3 жылда чийки эмес зат экспорту көлөмүн 1,5 эсеге жогорулатуу көздөлүүдө.