Жаңы Жибек жолундагы Казакстан

Жаңы Жибек жолундагы Казакстан

«Жаңы жибек жолу: Казакстан – Европа менен Азия ортосундагы маанилүү унаа, транзиттик жана энергетикалык хаб». Брюсселде Берлин Евразиялык Клубунун 24-отуруму ушул темада болду. Жыйынга европалык компаниялардын, Казакстан менен Евробиримдиктин экономикалык, каржылык жана илимий уюмдарынан элүүдөн ашуун өкүлү катышты. Германиядагы Казакстан элчиси Болат Нүсипов Өлкө башчысынын элге кайрылуусундагы артыкчылыктар тууралуу баяндап берди. Ушундай максаттардын бири – Жаңы Жибек жолундагы унаа–логистикалык тарап катарындагы Казакстандын ролун жогорулатуу.

БОЛАТ НҮСИПОВ,  КАЗАКСТАНДЫН ГЕРМАНИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Казакстандын Германия жана бүткүл Евробиримдик менен кызматташуусу тууралуу бир катар сунуштар айтылган. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Евразиядагы маанилүү энергетикалык жана унаа-транзит хабы катары өлкөбүзгө чоң кызыгуу бар экенине көзүм жетти.

КУРМАНГАЗЫ ИСКАЗИЕВ, «КАЗМУНАЙГАЗ» АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бүгүнкү күндө Теңгиз, Кашаган, Карашаганак ири долбоорлорунда европалык компаниялар менен биргеликте иштеп келебиз. Казакстандын инвестициялык тартымдуулугун жакшыртуу максатында өкмөттүн аткарып жаткан эмгектерин белгилеп өттүк.

ASEM саммитинин алкагында Казакстан Президенти сунуштаган демилгелер катышуучулар тарабынан кызыгуу жаратты. Европанын сырткы иш-аракет кызматы Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчиси Борис Ярошевич Нурсултан Назарбаевдин «Азия – Европа» саммитине катышуусуна жана Еврокомиссия башчысы Жан-Клод Юнкер менен өткөргөн жолугушуусуна жогору баа берди. Ал Казакстан Евробиримдик менен Кеңейтилген шериктештик тууралуу Келишим түзгөн аймактагы жалгыз өлкө экенин белгиледи.

МИХАЭЛЬ ХАРМС, ГЕРМАНИЯ ЭКОНОМИКАСЫНЫН ЧЫГЫШ КОМИТЕТИНИН БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Өткөн жылдан баштап эки жактуу товар жүгүртүүбүз көрүнүктүү өскөн. Казакстан тарабынан маанилүү долбоорлордун бири темир жол транспортун өнүктүрүү болуп жатат. Хоргос Жаңы Жибек жолунун чыгыштагы дарбазасы сыяктуу. Эгер логистика өнүксө, өндүрүш да алдыга жылат.

Мындан 12 жыл мурун Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен түзүлгөн бул форум эки жактуу интеграциялоо маселелерин талкуулай турган абройлуу аянтка айланды. Быйылкы отурумда европалык ишкерлер менен саясатчылар Казакстан менен инвестициялык, соода-экономикалык жана саясий кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.