АЭКБ: Эл аралык серепчилердин пикири

Казакстанда Эл аралык каржы борборун түзүү – өз убагында кабыл алынган чечим. Пелопоннес университетинин аймактык интеграция профессорунун жардамчысы Сотириос Петрополос ушундай пикирде. Анын айтымында, азыркы тапта ааламдашуу көп полярдуу дүйнө түзүмүн жасоого мүмкүнчүлүк берет. Экономикалык жактан ар бир аймакта өзүнүн ири каржы борбору болуусу маанилүү. Астана эл аралык каржы борбору Борбор Азиядагы маанилүү хабга айлана алат, дейт ал.

СОТИРИОС ПЕТРОПОЛОС, ПЕЛОПОННЕС УНИВЕРСИТЕТИ АЙМАКТЫК ИНТЕГРАЦИЯ ПРОФЕССОРУНУН ЖАРДАМЧЫСЫ:

- Астананын, жалпы Казакстандын аймакта жаңы каржы борборун түзүүгө жөндөмдүүлүгү бар. Каржы борборунун кызматы үчүн керектүү бардык мыйзам базасы, жаңы эрежелер жана уставдар дүйнөдон көптөгөн инвесторлорду тартат. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек.

Серепчи каржы борбордун альтернативалык каржы куралдарын өнүктүрүү боюнча демилгелерин да жогору баалайт. Ислам каржылоосу, криптовалюта, жашыл облигациялар. Мунун баары аймактык жана ааламдык каржы рынокторуна чыгууну мерчемдеген борбор үчүн өтө керек,дейт Сотириос Петрополос.

СОТИРИОС ПЕТРОПОЛОС, ПЕЛОПОННЕС УНИВЕРСИТЕТИ АЙМАКТЫК ИНТЕГРАЦИЯ ПРОФЕССОРУНУН ЖАРДАМЧЫСЫ:

- Азыркы тапта ислам каржылоосу өзүнө элдин назарын бурууда. Ошондуктан аны өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү арбын. Астана каржы борборундагылар ушуну түшүнүп жатышат. Хабда салттуу, батыш банкынын гана эмес, башка да рыноктор жана аймактарды камтууга көңүл бурганы кубандырат.

Серепчи криптовалюта рыногунда да чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрөт. Анын айтымында, Астана эл аралык каржы борборунун блокчейн-технологияларды өнүктүрүүгө умтулуусу хабдын заман талабына ылайык болуусун көрсөтөт.