Казакстан менен Орусия ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү өсөт

Казакстан менен Орусия ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү өсөт. Жакынкы арада тарапташтар ич ара соода-сатык көрсөткүчүн 20 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатышат. Серепчилердин пикиринде, бул максатка жетүү үчүн өз ара экономикалык иш-аракеттин жакшы динамикасы мүмкүнчүлүк берет. 2017-жылы соода көлөмү болжол менен үч эсеге өсүп, 17,5 миллиард долларга жеткен. Быйылкы жылы бул көрсөткүчтү көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралууда. Бүгүнкү күндө ар кандай тармактарда элүүдөн ашуун инвестициялык долбоор жана 6 миң биргелешкен ишкана жигердүү иштеп жатат. Ушундай жагдайларда, Казакстанда «Камаз» орусиялык автоунаа корпорациясынын 27 өкүлчүлүгү иштейт. «Зенит» Орал кеме жасоо заводу жана Зеленодольск шериктештеринин ортосунда биргелешкен өндүрүш көздөлүүдө. Ал эми Алматы аба кемелерин оңдоп-түзөө заводу Казань аба унаа компаниясы менен биргеликте жаңы «Ансат» тик учагынын курулушун жүргүзөт. Татар Республикасы менен кызматташтык да жигердүү түрдө өнүгүп келе жатат.

РУСТАМ МИННИХАНОВ, ТАТАРСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Казакстандын чийки зат фонду арбын. Айрыкча, мунай–химия тармагында кызматташтыкты күчөтүү керек. Табигый газ өндүрүүгө керектүү курал-жабдыктар, унаа бөлүктөрүн жеткире алабыз. Суу, аба унааларын биригип чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Биз казакстандык компаниялар менен байланышыбызды бекемдөөгө кызыктарбыз.