Казакстан-Кытай: Унаа-логистика тармагындагы кызматташтык

Казакстан менен Кытайдын унаа-логистика тармагындагы кызматташтыгы жаңы деңгээлге кадам таштады. Жаңы автомагистраль менен «Нур жолу» көзөмөлдөө бекетинин ачылышы товар ташууларын тездетти. Азыркы тапта Хоргостон Алматыга чейин жүк жеткирүүгө болгону 4 саат кетет. Ал эми «Хоргос» өткөрүү бекетинин кайра жаңыртылуусу жүк агымынын көлөмүн жогорулатууга түрткү берет. Белгилей кетсек, Кытайдын жүктөрү Казакстан аркылуу Европага болжол менен 15 күндүн ичинде ташылат. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, азыркы тапта ушул багытта 3700дөн ашуун поезд каттайт. Бул өткөн жыл менен салыштырганда 65 пайызга көп. Казакстан менен Кытайдын ортосундагы экспорт менен импорт көлөмү 286 миң тоннаны түзүп жатат. Казакстан Кытайга табигый газ, жүн өндүрүштөрүн, улпак, буудай жана кызыл буурчакты экспорттойт. Ал эми, Кытайдан Казакстанга негизинен электроника, кийим-кече, пахта жана мөмө-жемиштер келет.

ЛЮ ВАНШЭН, «ХОРГОС» БАЖЫ КЫЗМАТКЕРИ:

- Хоргостун темир жол көзөмөлдөө бекетинен өтө турган жүк көлөмү жыл сайын өсүп жатат. Күнүнө 20 поезд жөнөтөбүз. Бул болжол менен 900 контейнер. Ушул жерден үзгүлтүксүз Борбор Азия, андан ары Европага багыт алып жатат.