Польша ишкерлери Казакстандын айыл чарба тармагына 15 миллион евро салат

Польша ишкерлери Казакстандын айыл чарба тармагына болжол менен 15 миллион евро салууга кызыктар. Поляк инвесторлору Түркестан облусунда помидор өстүрүлө турган көлөмү 11 гектарлык күнөскана комплексин ачууну көздөшүүдө. Ушул  багытта поляктар биргеликте кызмат кылууга жана агро өнөр жай тармагында тажрыйба алмашууга даяр экенин билдиришүүдө.

АРКАДИУШ ЯКУБЧАК, БОРБОР ЕВРОПА МЕНЕН ПОЛЬШАДАГЫ УЛУТТУК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КОМПАНИЯНЫН ӨКҮЛҮ:

- Азыр негизинен Голландияда өстүрүлгөн помидорлор көп сатылат. Эми рынокко казакстандык өндүрүш чыгарылат. Өлкө өкмөтү сунуштаган салык тармагындагы жеңилдиктер бизге пайдалуу. Көптөгөн чет өлкөлүк инвесторлор кызыгуу артып жатышат. Казакстандын айланасында болжол менен жарым миллиард адам жашайт. Алар да биздин өндүрүшкө өз кызыгууларын билдирип жатышат. Орусияга жибере алабыз. Ири рынок мол мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Польша туризм тармагындагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө да даяр. Дал ушул тармак азыр европалык мамлекетке миллиондогон евро пайда алып келет. Маалыматтар боюнча, туризмдин үлүшү Польшанын ички дүң өнүмүнүн 6 пайызын түзөт. Казакстан үчүн азыр туризмди өнүктүрүү – башкы багыттардын бири. Бул тууралуу өлкөнүн Президенти өзүнүн кайрылуусунда да белгилеп өткөн. Поляк туроператорлору Казакстандын санаторийлеринин мүмкүнчүлүктөрү жогору экенин белгилеп, кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар. Алардын маалыматына таянсак, казак жерине саякаттай турган европалыктардын үчтөн бир бөлүгү поляктар.

ПАВЕЛ НИВЯДОМСКИ, ПОЛЯК ТУРИСТТИК ПАЛАТАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Туризмди өнүктүрүү үчүн бизде атайын программалар даярдалып ишке ашырылат. Азыр дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Польшанын көптөгөн туристтик өндүрүштөрүн сунуштап келебиз. Ал эми Казакстанга келе турган болсок, Варшава-Астана түз аба каттамы ачылгандан бери силердин өлкөгө бара турган поляк саякатчылары 30 пайызга өстү. Ошондой эле, жакында биз сиздердин улуттук туристтик компаниялар менен эки жактуу кызматташтык меморандумуна кол койдук. Ушуга жараша биз биргеликте Казакстанга туристтерди тартуу багытында аракет кылабыз.