Кытайлык ири компаниялар Казакстандагы долбоорлорго каржы салууга кызыктар

Кытайлык ири компаниялар Казакстандагы долбоорлорго каржы салууга кызыктар. Бул тууралуу ишкерлер «Бир кур, бир жол» темасындагы инвестициялык семинарда маалымдашты. Казакстанга инвестиция тартууга арналган иш-чарага 60 ашуун кытайлык жана 20 ашуун казакстандык ишкана катышты. Семинардын алкагында ишкердик топ өкүлдөрүнө Казакстандагы чет өлкөлүк инвесторлорго түзүлүп жаткан шарттар баяндалып, Кытай менен ортодогу стратегиялык өнүгүү планы тааныштырылды. Аны менен бирге, Президенттин элге кайрылуусунда аныкталган 6 багыт тууралуу да айтылды. Жалпы семинарда казакстандык компаниялар кытайлык ишкерлерге металлургия, тоо-кен, энергетика, мунай-химия, унаа-логистика тармактарындагы 17 долбоорду тааныштырды.

АЛМАС АГЫБАЕВ, УЛУТТУК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КОМПАНИЯНЫН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Кытай инвесторлоруна өзгөчө көңүл бөлөбүз. Анткени биздин маңдайыбызда жайгашкан ири коңшубүз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Кызматташуунун тартымдуу багыттарына транспорт жана логистика кирет.