Казакстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү

Казакстан менен Кытай товар жүгүртүү көлөмүн көбөйтүүдө. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында эки өлкө ортосундагы экспорт менен импорт көлөмү 21 % өстү. «Хоргос» көзөмөлдөө-өткөрүү бекети аркылуу жалпы суммасы 14 миллиард долларлык жүк өткөрүлгөн. Чек ара кызматынын өкүлдөрү бажыдагы жумуштун жанданышын жол-жоболоштуруу убакытынын кыскаруусу менен байланыштырып жатышат.

ЮЙ ХУАНЬ, СООДА КОМПАНИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- «Хоргос – Нур Жолу» бекетинин автоунаа пункту менен жаңы жол ачылгандан бери Хоргостон Алматыга жүктү жеткирүү убакыты төрт сааттан ашпайт. Мисалы, таң эрте Кытайдан жөнөтүлгөн товарлар түштөн кийин Алматы базарларында сатыкка чыгарылат. Мөмө-жемиштердин экспорту да өсүп жатат.

Бүгүнкү күндө ата мекендик товардын  25 ашуун түрү Кытай рыногуна чыгарылат. Алардын катарында тоңдурулган эт, кондитердик өндүрүштөр, өсүмдүк чарбачылыгы жана кайра иштетүү өнөр жайынын өндүрүштөрү бар. Кытайда айрыкча экологиялык таза балга суроо-талап жогору.

АНАТОЛИЙ ДОБРОВОЛЬСКИЙ, КАЗАКСТАН БАЛ ЧЕЛЕКЧИЛЕР БИРИМДИГИНИН ВИЦЕ- ПРЕЗИДЕНТИ:

- Кытай делегациясы биздин балдын даамын, сапатын жана баалуулуктарын баалашат. Азыр мунайдын баррели 70-80 доллардын чамасында, ал эми балдын баррели 700 доллардан 1500 долларга чейин турат. Ушуга кошо, бул жаңыртылган өндүрүш.

Белгилей кетсек, жакында кытайдын Шэнси провинциясында казакстандык соода үйүн ачуу көздөлүп жатат. Ал жерде өлкөнүн ишкерлерине 5 миң чарчы метр соода аянты менен атайын бажылык аймактан аймагы 10 миң чарчы метр болгон бош кампалар берилет.