Казакстандагы айыл чарба өндүрүштөрүн чыгаруучулар экспорт көлөмүн көбөйтүүдө

Казакстандагы айыл чарба өндүрүштөрүн чыгаруучулар экспорт көлөмүн көбөйтүүдө. Чет өлкөгө экспорттоочу ишканалардын арасында Түндүк Казактсан облусунун үлүшү мол. Аймакта жыл башынан бери чет өлкөгө 500 миң тоннадай азык-түлүк жөнөтүлдү. Айрыкча сүт, жумуртка, унга болгон суроо-талап жогору.

КУАНДЫК ШАКЫБАЕВ, ОБЛУСТУК АЙЫЛ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Сүттүн экспорту 87 пайызга өстү. Жумуртканыкы 81 пайызга, ал эми ундун экспорттук өсүшү 14 пайыз. Биздин негизги рыноктор: Орусия, Беларусь, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Ооганстан жана Кытай.

Бул Түндүк Казакстандагы сүт өндүрө турган заводдордун бири. Ишкана күнүнө 65 миң тонна чийки зат иштетип, айран, быштак, каймак чыгарышат. Өндүрүлгөн табигый таза өндүрүш ички рынокту эле камсыз кылбастан, чек арага жакын Курганга да экспорттолот. Жыл башынан бери коңшу өлкөгө 370 миллион теңгеге 1320 тонна сүт өндүрүшү жөнөтүлгөн. Ата мекендик өндүрүш Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына толук жооп берет.

ГЕОРГИЙ ЦЕЛЫХ, СҮТ ЗАВОДУНУН МҮДҮРҮ:

- Курганга өндүрүлгөн өндүрүштү айына 12, жумасына 3 жолу жеткиребиз. Ар биринде 10 тоннадан товар болот. Ата мекендик өндүрүшкө болгон суроо-талап жогору.

Түркестан облусунун багбандары болсо чет өлкөгө жемиштерди экспорттойт. Аларга суроо-талап Орусияда жогору. Чарбачылыктар алманы өстүргөндөн сырткары, аны иштетүүгө да өтүшкөн. Ар  кандай жемиш шербеттерин Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарына жөнөтүү планда бар.