Казакстан-Орусия: Санариптик экономикадагы кызматташтыгу

Казакстан менен Орусия санариптик экономикадагы кызматташтыкты жол-жоболоштурат. Эки өлкөнүн биргелешкен IQ клубунун серепчилери Москвада өлкөлөрдүн паракорлукка каршы күрөшүү жолундагы стратегиясын талкуулашты. Алар Астана Эл аралык каржы борборунун максаты, эки өлкөнүн каржы системасы тууралуу ой бөлүшүштү.

СЕРГЕЙ РЕКЕДА, ИНТЕГРАЦИЯ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Биз жогорку технологиялык экономиканын калыптана элек тармактарында өсүү чекиттерин издешибиз зарыл. Big Data рыногунда былтыр өсүш 20 пайыздан ашуун көрсөткүчкө жетсе, быйыл бул көрсөткүч 30 пайыздан ашат деген божомол бар. Ушундай биргелешкен тармактык кызматташтыкты калыптандыруунун аркасында кадрларды даярдоо маселеси пайда болот.

Экономисттер эффективдүү кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн салттуу багыттардан көрүшөт. Мамлекеттик мал чарбачылыгын өнүктүрүү программасынын алкагында Казакстанда алдыдагы 10 жылда 80 миң фермердик чарба ачылат.

ВАЛЕРИЙ СУРГАНОВ, КР АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БАЙЛАНЫШ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Ферма ишине жылдык 4 пайыздык өлчөм менен 15-20 жылга чейин насыя берилет. Бул өтө эффективдүү. Ишкерлер 150гө жакын мал башын сатып ала алат. Негизинен Орусиядан ири кара мал алынып келинди. Казакстан алдыдагы 10 жылда энелик ири кара малын импорттоп, мал башын 7 миллиондон 12 миллионго чейин көбөйтүүнү көздөп жатат.