Инвесторлорго кызмат көрсөтүү

Казакстандагы  жагымдуу инвестициялык климат чет өлкөдөн туруктуу капитал агымын камсыз кылып жатат. Азыркы тапта Казакстан Борбор Азияда түз инвестицияларды тартуу боюнча көч башында турат. Анын үлүшү 70 пайызды түзөт. Серепчилердин айтымында, ар түрдүү инновациялар жана жеңилдиктер аймактагы чет өлкөлүк ишкерлердин санын көбөйтүүгө таасирин тийгизүүдө. Инвесторлор кабыла турган административдик кыйынчылыктарды азайтуу жана мамлекеттик органдар менен өз ара иш-аракеттерди жеңилдетүү максатында 2019-жылы өлкөдөгү кызмат түрлөрү онлайн режиминде «бир терезе» эрежеси боюнча иштеп баштайт.

ЕРЛАН КАЙЫРОВ, КР ИНВЕСТИЦИЯЛАР ЖАНА ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН ИНВЕСТИЦИЯЛАР КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Бир жерде 300дөн ашуун кызмат түрү сунушталат. Белгилеп айтканда, визаны жол-жоболоштуруу, чет өлкөлүк жумуш күчүн тартууга уруксат алуу, юридикалык жак катары же салык төлөөчү катары катталуу, жер алуу жол-жоболору. Пайдалуу казмаларды иштетүү менен алектенген инвесторлор ошол жерде жер байлыктарын пайдалануу укугун каттай алышат.