Агрардык билимди өнүктүрүү

Инновацияларды киргизүү аркылуу Айыл чарба комплексинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу. Казакстан  агрардык изилдөөлөрдү жана айыл чарба шаймандарын алууга каржылоону жогорулатат. Астанадагы адистештирилген форумда белгилүү болгондой, республикада бизнестин агро илимге болгон чыгашаларын 80 пайызга чейин субсидиялоо көздөлүүдө. Бүгүнкү күндө мыйзамдагы жаңычылыкты Мажилисте талкуулап жатышат. Иштеп чыгуучулардын айтымында, кабыл алынган өзгөрүүлөр бизнес менен илимдин кызматташтыгын бекемдейт. Ошондой эле бул агро өнөр жай комплексине жаңы технологияларды киргизүүнү тездетет.

УЛАН ТАЖИБАЕВ, «НАНОЦ» УАБ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Эгерде өткөн жылы 200 максаттуу каржылоо программасына 4 миллиард салынса, бул жылы максаттуу каржылоо программасына 3,3 миллиард кошулду. Кайра жарыктандыруу жана илимий жабдыктарды сатып алууга 4,1 миллиард бөлүндү. Бул техника, жөндөө жана башкаларга. Базалык каржылоо 2 эсеге өстү. 3,3 миллиард – бул илимий изилдөөлөрдү жогорулатууга багытталган мамлекеттин буйрутмасы.

Бүгүнкү күндө илимий–изилдөө борборлору аймактарда жаңы технологиялардын жардамы менен түшүмдү жогорулатуу боюнча аграрларды үйрөтүшүүдө. Аны менен бирге, өлкөдө 60тан ашуун моделдик ферма түзүлөт.

БЕКЕТ АБИШЕВ, АЛМАТЫ ОБЛУСУНДАГЫ МӨМӨ-ЖЕМИШ ӨСҮМДҮКТӨРДҮ ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Атайын өсүмдүк өстүрүү, илимий-өндүрүштүк борбор болот. Алар жеке эле казакстандык бизнести эмес, Казактанга келүүгө милдеттүү болгон жана биздин окумуштуулар, биздин бизнес менен бирге биздин ишмердүүлүк үчүн жогорку сапаттагы материалдарды чыгара турган трансулуттук компанияларды бириктирет. Биринчи максат – ички рыноктун суроо-талаптарына жооп берүү. Кийин Орусияга экспорттолот.

Белгилей кетсек, Казакстан элине болгон кайрылуусунда Өлкө башчысы айыл чарба өндүрүшүнүн товарларынын көлөмүн 2022-жылга карай 2,5 пайызга жогорулатууну тапшырды. Мамлекеттин башкы колдоосу заманбап агротехнологияларды тартууга багытталат. Жакынкы 3 жылда  бул максат үчүн жылына 100 миллиард каралат.