Казакстанга тартылган чет өлкөлүк инвестиция көлөмү 15,4 пайызга өстү

Казакстанга тартылган чет өлкөлүк инвестиция көлөмү 15,4 пайызга өстү. Инвестициялар жана өнүгүү министри Жеңис Касымбек маалымдагандай, биринчи жарым жылдын корутундусу боюнча анын суммасы 12 миллиард долларга жеткен. Министр өлкөдө трансулуттук компаниялардын катышуусу менен 34 долбоор ишке ашырылып жатканын айтат. Алардын жалпы суммасы 10 миллиард доллардан ашат. Германия, Нидерланды, Бельгия, Түркия, Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн инвесторлору Казакстанда техникалык газ, сода, акиташ, күлбото өндүрүүгө кызыгуу артып жатышат. Ошондой эле, картошканы кайра иштетүү да бар. Бир сөз менен айтканда, бардык тармактар камтылган.

ЖЕҢИС КАСЫМБЕК, КР ИНВЕСТИЦИЯЛАР ЖАНА ӨНҮГҮҮ МИНИСТРИ:

- Улуттук банктын маалыматы боюнча 2005-жылдан бери түз чет өлкөлүк инвестиция көлөмү 265 миллиард долларга жеткен. Борбор Азияга багыттала турган түз чет өлкөлүк инвестициянын жалпы көлөмүнүн 70 пайызы Казакстанга тиешелүү. Бул көрсөткүч боюнча көч башында турабыз. Ушул мезгилде келген инвестициянын 50-55 пайызы тоо-кен өнөр жайынын үлүшүндө. Ал эми 15 пайызы иштетүү өнөр жайына жана башка тармактарга тиешелүү.

Министрдин айтымында, Казакстанга инвестиция тартуу үчүн тиешелүү шарттар түзүлүүдө. Мыйзамдар жакшырып, салык системасы, бажылык көзөмөлдөө жана көчүп-конуу визалык режими жеңилдетилип жатат. Казакстанга визасыз келе турган өлкөлөрдүн саны да өсүүдө. Азыркы тапта алардын катарында 62 өлкө бар. Ошондой эле, түз инвестиция фондун түзүү көздөлүүдө. Ал ири инвестициялык долбоорлорду колдоо менен алектенет.