Автоунаа өндүрүшүнүн өнүгүшү

Казакстандык авто өндүрүүчүлөргө өндүрүштөрүн экспортко чыгаруу үчүн колдоо көрсөтүлөт. 2020-2024-жылдарга арналган индустриялаштыруу программасында жергиликтүү чөлкөмдө чогултулган унааларды сырткы рынокко чыгарууга жардам көрсөтүү маселеси каралган. Бул тууралуу «Казавтоөнөржай» биримдигинин башкармалык төрагасы Олег Алферов кабарлады. Жалпы казакстандык унаа өндүрүшүндө 70 пайыздык өсүш катталды. Жыл башынан берки 9 айдын ичинде өлкөдө 141 миллиард теңгелик 22 709 автоунаа чыгарылган. Алардын арасында жеңил жана жүк унаалары, автобустар бар.  Белгилей кетсек, ата мекендик өндүрүштөргө ички рыноктогу суроо-талап 60 пайызга өскөн. Казакстандыктар 9 айда 120 миллиард теңгеге  20 миңден ашуун унаа сатып алышкан. Өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда өсүш – 70 пайыз. Алдыдагы максат – сырткы рынокту өздөштүрүп, өз керектөөчүлөрүн табуу.

ОЛЕГ АЛФЕРОВ, «КАЗАВТОӨНӨРЖАЙ» АСК БИРИМДИГИНИН БАШКАРМАЛЫК ТӨРАГАСЫ:

- 2017-жылы ата мекендик унаалардын экспортко чыгышында көрүнүктүү алдыга жылуу байкалууда. Өскемендик автомобиль заводу Кытайга 1500дөн ашуун жол танданбас унаа жөнөттү. Алар суроо-талапка ээ болот. Коңшу өлкөлөргө багытталган экспорттук жигердүүлүктү улантуу үчүн экспорттук субсидия керек.