Казакстан менен Азербайжан ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 60%дан ашты

Казакстан Азербайжанга экспорт көлөмүн жогорулатты. Расмий маалыматтарга таянсак, быйылкы жылдын 9 айында экспорттолгон товарлардын суммасы 134 миллион долларга жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 65,5 пайызга өскөн. Жогорку көрсөткүчтөрдүн аркасында Казакстан Азербайжандын негизги соода өнөктөштөрүнүн ондугуна кирип жатат.

РАШАД ГАСАНОВ, ЭКОНОМИСТ:

- Казакстан менен ортодогу товар жүгүртүү көрүнүктүү өскөнүн байкап жатабыз. Анын түзүмүн карай турган болсок, Казакстандан жөнөтүлгөн дан ташуу эки эсе, ал эми темир жол курал-жабдыктарынын экспорту 5 эсе өскөн. Аны менен катар, Казакстан мунай битумунун экспортун да үч эсе көбөйткөн. Азербайжан тарап, Казакстанга электр зымдарынын экспортун 8 эсе көбөйткөн болсо, Казакстан Азербайжандан түтүктөрдүн импортун өткөн жыл менен салыштырганда үч эсе көбөйткөн.

Аны менен катар, казакстандык күрүчтүн экспорту да үч эсе өскөн. Былтыр Азербайжанга 2 миң тонна күрүч жиберилсе, быйылкы 9 айда 7 миң тонна жөнөтүлдү. Бул ушул багыттагы өндүрүштөрүнүн эки жактуу товар жүгүртүүсүнүн түзүмүндөгү рекорддук көрсөткүч. Серепчилердин пикиринде, унаа-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдүн жакшыруусу эки жактуу соода-сатыкка оң таасирин тийгизген.

АЛИ МАСИМОВ, АЗЕРБАЙЖАН ПАРЛАМЕНТИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Экономикалык карым-катнаштарыбызда унаа кайчы жолдорунун мааниси чоң. Акыркы жылдары эки өлкөнүн тең унаа жолдорунун өнүгүшүнө тыкыр маани берүү өз жемишин бере баштады. Жолго салынган унаа коридору капитал кыймылына шарт түзүүдө. Ушул багытта Чыгыш-Батыш коридору товар жүгүртүүсүн бир нече эсе өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эки өлкөнүн экономикалык мамилелерин бекемдөөгө кызыктар экенин эске алсак, бул жараян кийинки жылы да уланат.

Серепчилердин божомолу боюнча, Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүү быйыл 200 миллион доллардан ашат. Биргеликте ишке ашырылган долбоорлор менен жеке менчик тармактагы байланыштардын бекемделиши өз натыйжасын берип жатат. Казакстандык мунай ташууларын жогорулатуу жана Каспий аркылуу Кытайдан Европага жүк айлануунун өсүшү ушул жараянга түрткү бериши мүмкүн.