Казакстан Дүйнөлүк атаандаштыкка туруктуулук индекси боюнча 59-орунда

Казакстан дүйнөнүн 140 өлкөсүнүн ичинде дүйнөлүк атаандаштыкка туруктуулук индекси боюнча 59-орунду ээледи. Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун салттуу эсебинде Казакстандын өткөн жылдагы ордун сактап калганы айтылды. Ал эми коңшу Орусия КМШ өлкөлөрдүн ичинде көч башында турат. Казакстан рейтингде Азербайжан, Грузия, Түркия жана Бразилия сыяктуу өлкөлөрдөн алдыда. Белгилеп айтканда, «товарлар рыногу», «инфраструктура», «эмгек рыногу», «каржы системасы», «сапат институту» сыяктуу 50 позиция боюнча оң натыйжалар каралды. Бул жылы өлкөлөр деңгээлин баалоо жаңы ыкма боюнча ишке ашырылды.

БАУЫРЖАН ТУРЛЫБЕКОВ, КР УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИНИН ӨКҮЛҮ:

- Казакстанда дүйнө жүзү боюнча биринчи орунду ээлеген позициялар бар. Мисалы, акционерлердин укугун коргоо боюнча. Бул биздин өлкөбүздөгү инвестициялык акыбалдын, акыркы жылдары инвестиция тартуу, бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды калыптандыруу багытында жасалып жаткан иш-чаралардын натыйжасы. Эгер инфраструктура тууралуу сөз кыла турган болсок, бул жерде биринчи орун өлкөнү электрофикациялоо боюнча аныкталат.