Кытай өнүгүү банкы Казакстанда

Астана менен Пекин өз ара эффективдүү карым-катнашын өнүктүрүүдө. "Астана" эл аралык каржы борборунун аянтында борбор калаада Кытай Мамлекеттик өнүгүү банкынын өкүлчүлүгү ачылды. Ал дүйнөдөгү  кубаттуулугу жогору  каржылык өнүгүү институттарынын бири катары саналат. Анын Каир, Москва, Рио-Де-Жанейро, Каракас, Лондон жана Вьетнамда бөлүмдөрү бар. Өз убагында «Астана» эл аралык каржы борбору Борбор Азиядагы «Бир кур – бир жол» демилгесинин жана Евразиялык экономикалык биримдигинин аймактык каржы хабы болууга аракет кылууда. Банктын «Нурлуу жол» программасынын экономикалык саясатын өнүктүрүү, инновациялык технологияны, инфраструктура курулушун жана энергетика менен өндүрүш тармагына колдоо билдирүү тууралуу планы бар.

ЛЮ ЦЗИНЬ, КЫТАЙ МАМЛЕКЕТТИК ӨНҮГҮҮ БАНКЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Ушул жылдын кулжа айынын аягына чейинки мезгил ичинде Кытай Мамлекеттик өнүгүү банкы Казакстанда 32 долбоорго каржылык колдоо көрсөттү. Насыя милдеттемелердин суммасы 33,5 миллиард доллар. 28 миллиард долларлык келишимге кол коюлду, айрыкча, Казакстан менен Кытай мамилеси үчүн маанилүү долбоорлорго басым берилди.