«Борбор – Чыгыш» унаа коридорунун курулушу Казакстандын үч облусунда жүргүзүлөт

Казакстан эл аралык ири унаа – транзиттик хаб катары өз ордун бекемдеди. Өлкөдө темир жол, автожол инфраструктурасын өнүктүрүүгө басым берилүүдө. Мисалы, Акмола облусунда автомагистралдарды кайра жаңыртуу тууралуу долбоор ишке ашырылып жатат. Ал борбор менен чыгыш аймактарды байланыштырат. «Борбор – Чыгыш» унаа коридорунун курулушу Казакстандын үч облусунда жүргүзүлөт.

ТАЛГАТ СМАГУЛОВ, «КАЗАВТОЖОЛ УК» АК АКМОЛА ОБЛУСТУК БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Акмола облусунун чек арасындагы бул тилке 189 чакырымды түзөт. Ал 7 тилкеге бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө жолдун 139 чакырым бөлүгү пайдаланууга берилди. Жолдун 50 чакырымы калды. Аны кийинки жылы тапшырабыз.

Павлодар облусунда 905 чакырымга созулган унаа коридорунун курулушу аяктап жатат. Долбоордун баасы – 215 миллиард теңге. Жолду кийинки жылдын аягында толук тапшыруу көздөлүп жатат. Ошентсе да, ушул жылы жолдун кээ бир бөлүктөрү ташуу үчүн  ачылат.

НУРАЛЫ ТОЙЫМБЕТОВ, «КАЗАВТОЖОЛ УК» АК ПАВЛОДАР ОБЛУСТУК БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Астана-Павлодар боюнча жалпы бизге 191 чакырым берилген. Ушул жылы 30-чакырымында жумуш аяктады. 161-чакырымында кайра уланат. Биз кайра төшөлгөн төшөлмөнүн  үстүнөн дагы  бир жүрүп өтөбүз. Экинчи тилке боюнча жеке тилкелердеги иштер калат.

Казакстандын түштүгүндө республикалык мааниси бар, жалпы суммасы 19 миллиард теңге болгон эки жол кайра оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Казакстан аймагы аркылуу эл аралык багыттагы 5 темир жол, 6 автомобиль жолу өтөт. Алар Азия жана Европа өлкөлөрүн байланыштырат. Аны менен бирге өлкө аркылуу эл аралык унаа коридору «Батыш Европа – Батыш Кытай» өтүп жатат. Анын казакстандык бөлүгү кийинки жылы толук аягына чыгат деп көздөлүүдө.