Казакстан-Кытай кызматташтыгы

Казакстан менен Кытай товар жүгүртүү көлөмүн көбөйтүүгө кызыктар. Бул багытта агро өнөр жай комплексинин мүмкүнчүлүгү арбын. Быйылкы жылдын алгачкы жарым жылынын жыйынтыгы боюнча эки жактуу айыл чарба өндүрүшүнүн  соодасы 237 миллион доллардан ашты. Былтыркы дал ушул убакыт менен салыштырганда бул көрсөткүчтүн 21 пайызга өскөнү байкалат. 2020-жылга чейин экономикалык алыш-беришти 20 миллиард долларга жеткирүү көздөлүп жатат.

АСЕТ ИРГАЛИЕВ, КР УЛУТТУК ЭКОНОМИКА ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Аталган «жол картасы» Кытай рыногуна казакстандык өндүрүштү жеткирүүдө пайда болгон маселелерди чечүүгө багытталган. Анын аркасында товар жөнөтүүгө тиешелүү бардык суроолордун ыкчам чечимдерин табууга болот. Жакынкы арада «Жол картасы» ата мекендик ишкерлердин Казакстанда жасаган өндүрүштөрүн кытай рыногуна чыгаруунун жигердүүлүгүн жогорулатат деп ойлойбуз.

Расмий Астана менен Пекин өз ара транзиттик-логистикалык карым-катнашты жакшыртуу жагын да назардан сыртта калтырбайт. Кытай өлкөсүнөн Казакстан аркылуу ташыла турган жүк былтыр 17 миллион тоннага жеткен. Бул «Нурлуу жол» программасынын берген жемиши, дешет адистер. Ушуга Ляньюньганда Казакстан менен Кытайдын биргеликте түзгөн логистикалык компаниясы да өз таасирин тийгизүүдө. Терминал ачылган алгачкы жылдары Борбор Азияга күнүнө бир жүк поезди жөнөтүлсө, азыр эки-үч темир жол курамы жиберилет. Ушинтип Өлкө башчысы жүктөгөн Казакстанды Евразиянын негизги транзиттик-логистикалык борборуна айландыруу мерчеми ийгиликтүү ишке ашып келе жатат.

ДАРХАН ЕСЕНГУЛОВ, ЭЛ АРАЛЫК ТАШУУ БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Өлкө башчысынын Казакстанды логистикалык хабга айландыруу тууралуу берген тапшырмасы аткарылып жатат. Ал жөн гана кабыл алуу борбору эмес, транзиттик коридор. Буга окшош Алтынкөл кургак портунун долбоору да Ляньюньган менен тыгыз байланышат.

Ляньюньган порту заманбап технологиялар менен жабдыкталган. Казакстандык компаниялар жүктөлгөн ар бир контейнер менен терминалдагы маалыматтарды электрондук иштетүү системасын интернет аркылуу алыстыктан көзөмөлдөй алат.

ЛЮ БИНЬ, ЛОГИСТИСТИКАЛЫК КОМПАНИЯНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Казакстанда ушундай жаңы системаны киргизүү жүк жеткирүү убакытын кыскартып, логистикалык жараяндарды системалаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Бул ошондой эле, Казакстанда чогулуп калган жүктөрдү азайтып, портко чейин ташуу иштерин тездетет. Жаңы система казакстандык өндүрүүчүлөр менен транзиттик компаниялар үчүн өтө пайдалуу.

Терминал операторлорунун адистери дал ушундай системаны Казакстандагы Жаңы Жибек жолу боюндагы негизги түйүндөрдө орнотууну көздөп жатат. Ушинтип, келечекте Евразиялык трансулуттук транзиттик коридордогу жүктөрдү көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Эскерте кетсек, мурда бул жерден Европанын ири шаарлары менен деңиз жолдору гана байланыштырчу. Эми альтернативалык жол пайда болду. Жаңы коридор Чыгыш менен Батыш ортосундагы көпүрө. Казакстан аркылуу Амстердамга жөнөтүлө турган жүк 2 жумада жетет. Ал эми Тынч океаны аркылуу ага 45 күн кетет.