Тышкы соода жүгүртүү 24,3 пайызга өстү

Тышкы соода жүгүртүү 24,3 пайызга өстү

2018–жылдын биринчи кварталында Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсү 24,3 пайызга өстү. Экспорт жана импорт көлөмү да өсүп жатат. Экспорт тууралуу улуттук компаниянын маалыматы боюнча, 2017-жылы тышкы рынокторго жөнөтүлгөн товарлардын суммасы 40 миллиард 87 миллион теңгени түздү. Ал эми быйылкы жылдын сегиз айында бул көрсөткүч 30 миллиард 788 миллион теңгеге жетти. Экспорт курамындагы үлүшү басымдуу товарларга дагы да мунай жана мунай өндүрүштөрү жатат. Андан кийин тазартылган жез жана иштетилген жез ээритмелери. Үчүнчү орунда – ферро эритмеси. Мындан башка, ата мекендик газга болгон суроо-талап жогору. Газдын 35 жарым пайызы Орусияга жөнөтүлөт. Кийинки орунда Украина, Кытай жана Швейцария өлкөлөрү. Ошондой эле, ири кара мал этинин экспорту да көбөйгөн. Жыл башынан бери Казакстан башка өлкөлөргө 10 миң тоннадан ашуун эт өндүрүшүн жөнөткөн.