Костанай облусунда инвестициялык форум өттү

Казакстан аймактары инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө. Буга Костанай облусунда өткөн форумдун корутундусу далил боло алат. Жыйында ишкерлердин каржы багыттоого кызыктар так долбоорлор аныкталып, 19 меморандумга кол коюлду. Атап айтсак, кийинки жылы Тобыл аймагында мурда болбогон инвестициялык мега долбоор ишке ашырылат.  Дандуу жана майлуу өсүмдүктөрдү терең иштете турган комплекстүү ишкананын курулушу башталды. Өндүрүш жайын тургузууга кытайлык компания кызыгуу жаратып, тиешелүү жол картасы кабыл алынды.

МЕЙИРЖАН МЫРЗАЛИЕВ, КОСТАНАЙ ОБЛУСУНУН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Костанай шаарындагы индустриялык аймакта буудай өсүмдүктөрүн терең иштетүү боюнча завод курулганы жатат. Жалпылап айтканда, 600 миң тонна буудай иштетилет, 1  миллион тонна кошмо тоют чыгарылат, жалпы 200 миң тонна май өсүмдүктөрүн иштетүү каралган. Мунун эң башкы мааниси, чыгарылган товардын бары Кытайга экспортко кетет.

Жакында ачылган трактор кураштыруу заводу да өндүрүшүн кеңейтет. Алдыдагы беш жылда бул жерде жаңы цехтер курулуп, тракторлорго керектүү агрегаттар жыйналат. Аталган ишканалар жергиликтүү индустриялык аймакта жайгашат. Анын сыртында, бул жерде жеңил автоунаа кураштыра турган, таш, жыгач иштете турган, кооздого арналган плиткалар чыгарыла турган ишканаларды ишке кошуу көздөлүүдө. Инвестициялык форумда кол коюлган келишимдер жалпы суммасы 251 миллиард теңгени түзгөн  долбоорлорду  ишке ашырууну караштырат.